Top 10 similar words or synonyms for ургаал

сугарганда    0.791792

муздары    0.754025

таштарда    0.739545

фаунага    0.737608

имараттарга    0.732675

жыйноодо    0.729340

өткүл    0.728016

пайдубал    0.724182

чогултушат    0.722436

сатышкан    0.721031

Top 30 analogous words or synonyms for ургаал

Article Example
Барпы Алыкул уулу көп окулуп, көп ырдалып, ургаал изилдөөгө алынып жатат; ал тууралуу түрдүү
Уюлдук фронт Уюлдук фронт адатта эки жарым шарда тең кышында 30-45°, жайында 40-45° кеңдиктердин аралыгында түзүлөт; бир канча айрым бутактардан туруп, анда ургаал циклондор болуп турат.
Металл эмес кен байлыктар Металл эмес кен байлыктардын көп түрү бир эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн топтордун бир нечесине кириши мүмкүн, анткени алардын практикалык колдонулушу кеңири жана көп кырдуу. Металл эмес сырьёнун кендерин иштетүү республиканын экономикалык-социалдык өнүгүшүндө өтө маанилүү орунду ээлейт. Алар жарандык жана өнөр жай курулушунда, айыл чарбада, өнөр жайдын көптөгөн тармактарында, зергер ишинде ургаал колдонулат.
Исландия Биринчи толук метраждуу кино 1919-ж. тартылган. 1930-жылдарда хроникалуу-даректүү жана кыска метраждуу фильмдерди агартуу жолго коюлган. Биринчи толук метраждуу көркөм фильми «Мооно менен Гвендурдун жоруктары» (1923). Кийин тартылган фильмдердин арасынан Г. Акселдин «Кызыл мантия» (1967) фильми өзгөчөлөнүп турат. 1970-жылдарда мамлекет кино өндүрүшүн камкордукка алгандан кино, кино өнөрү ургаал өнүгүүдө.
Жумшак буудай Жумшак буудай (, L. 1753) - буудайдын машагы узун, кылкандуу же кылкансыз, ак, саргыч, кызыл жылаңач дандуу түрү. Гексаплоиддүү түрү (сома клеткасында 42 хромосома болот) эң жумшак жана дүйнөнүн дыйканчылыгы өнүккөн бардык жеринде эгилет. Жумшак буудай кышка чыдамдуу, кургакчылыкка байымдуу келип, тез бышат. Данынан ун, акшак тартылып, аралаш тоют даярдалат. Жумшак буудайдын 250дөн ашуун түрү бар. Эң көп эгилгени: Лютесценс, Эритроспермум жана башка Кыргызстанда жумшак буудайдын Интенсивдүү (Ургаал), Эритроспермум 80, Кыргызстан 100, Фрунзе 60, Лютесценс 46 сорттору чыгарылган.
Жер астындагы суулар жана дары барактар Тектоникалык кыймылдын натыйжасында Кыргызстандын аймагында тоо аралык өрөөндөр жана тоолор пайда болгон. Өрөөндөр начар камдашкан жана борпоң тоотектерге толгон, ал эми протерозой жана палеозой тоотектеринен түзүлгөн тоолор ургаал бузулууларга дуушарланып, ар түрдүү өлчөмдөгү жаракалар менен тилмеленген. Жаракалар зоналарында топтолгон жерастындагы суулар булак түрүндө жер бетине чыгат. Кыргызстандагы жерастындагы суунун негизги (басымдуу) ресурсу өрөөндөрдө топтолгон. Мындагы суулар негизинен жер үстүндөгү суулардын фильтрациясынан топтолот жана толукталат (башка кен байлыктарга караганда жерастындагы суу запасынын толукталып турушу менен айырмаланат, бирок ресурсунун көлөмү чечүүчү ролдо болот). Тооаралык ири өрөөндөр жайгашкан Кыргызстандын түндүк аймагы жер астындагы сууга салыштырмалуу бай, ал эми жерастындагы суунун топтолушуна ыңгайлуу шарт азыраак болгон Фергана артезиан бассейнинин чет-жакасында орун алган республиканын түштүк аймактарында жерастындагы суунун запасы азыраак.
Каз Каз – каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун сууда сүзүүчү куштар уруусу. Дене узундугу 1 мге жетет, салмагы 2-6 кг. Шыйрагы узун, басууга ыңгайланган. Негизинен өсүмдүк, айрымдары курт-кумурска ж. б. менен азыктанат. Аскага же жерге уялап, 5-8 жумуртка тууп, эркек-ургаачысы алмак-салмак басат. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруу, 8 түрү бар. Кыргызстанда маңка каз (тоо казы) кездешет. Бакма Каз жапайы боз каздан чыккан. Ургаачысы жылына 20-25 жөжө чыгарат. Бордоп семирткенде айрымдары 10 кгга чейин эт берет. Каздар көк чөптү жакшы оттойт. Жылына 30-40, айрым породалары 100дөй жумуртка тууйт. Жыл өткөн сайын жумуртканы көп берет (2-жылы 1-жылга караганда 15-25%ке, 3-жылы 30-40%ке ашат). Эт багытындагылар 6 айлыгында союлат. Этинде 16%тей белок, 35% тей май болуп, күчтүү келет. Каз майы үшүккө, күйүккө дары. Жүнүнөн мамык ж. б. алынат. Каз май айынан октябрга чейин жайытта, кышында атайын жайда (жылытылбаган) багылат. Ургаал багуу үчүн атайын жарык жана жылуу жайда кармалат. Мында салмагы 5 кгдан ашык казга 1 м аянт туура келгидей болуу керек. Багуу мезгилинде тоют рациону болжол менен (1 башка г эсебинде): дан 215, күн жара жана кызылча тобу 30, чыктуу жана көк тоют 200350, чөп уну 70, ачыткы 2, туз 1,5-2 г берилет. Кыргызстанда ири боз каз, холмогор казы ж. б. багылат.
Кара-Балта капчыгайы Кара-Балта капчыгайы – Кыргыз АлаТоосунун Түндүк капталындагы терең, кууш капчыгай. Жайыл районунун аймагында. Узундугу 50 кмге чейин, туурасы төмөнкү бөлүгүндө 5–8 км, аянты 577 км. Орточо бийиктиги 3100–3400 м. Капчыгайдын таманы кууш (туурасы 30–150 м), капталы тик, деңиз деңгээлинен 1000–2800 м бийикте. Тепши сымал өрөөндөр 2600–2800 м бийиктен башталып, жабык төрлөр менен бүтөт. Капчыгайдын төмөн жагындагы тереңдиги 300–900 м, ортосунда 1700–2400 м, жогорку бөлүгүндө 800-1000 м. Зоокалары астыңкы жана ортоңку ордовиктин сары-жашыл түстүү алевролит, чополуу сланец, кумдук, мраморлошкон ачык сары акиташ теги, конгломерат жана девондун жанартоо туфтарынан жана башка эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Капчыгай неоген, төртүнчүлүк мезгилдеринде Кыргыз Ала-Тоосунун Түндүк капталынын тектоникалык көтөрүлүүсүнө байланыштуу суунун жерди ургаал жемирип-жешинен пайда болгон. Кара-Балта капчыгайынын капталдарында кургак жылгалар, сайлар, эшилме шагыл менен кум көп. Суу бөлгүчү негизинен байыркы түздүктөрдүн калдыктарынан (пенеплен) турат. Топурак жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Кылканактуу-дүйүм чөптүү талаа (1000–1600 м), токой-шалбаалуу талаа (1900–2700 м бийикте; мында арча, четин, кайың, тал, бөрү карагат, ит мурун жана башка өсүмдүктөр өсөт), субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаасы (3100–3400 м) мүнөздүү. Суу бөлгүчү жана тепши сымал өрөөндөрү жайыт катары пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.
Дыйканчылык системасы Дыйканчылык системасы – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехника), мелиорациялык жана уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү жана жер семирткич колдонуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине жана зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуштары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жерди химиялык мелиорациялоо (гипстөө жана башка), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу жана анын алмашылышы коомдук өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү жана илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз жана токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буулантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) дыйканчылык системасы, капитализмдин өнүгүшү менен бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё менен камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан жана үрөн алмаштырма дыйканчылык системасы пайда болгон. Бирок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштырма которуштуруп эгүү дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайталап эгүү дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылыктын жана дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мамилелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан негизделген дыйканчылык системасы топурактын күрдүүлүгүн калыбына келтирип жана арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жумшап, көп продукция алууга шарт түзөт. Дыйканчылык системасына өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус окумуштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык системалары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Дыйканчылык системасынын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө жана ургаалдуу. Жөнөкөй дыйканчылык системасында жердин табигый сапаты гана пайдаланылып, топурак күрдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү дыйканчылык системасы – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурактын күрдүүлүгү буулантма жана көп жылдык чөп эгүү жолу менен жөнгө салынат. Өтмө дыйканчылык системасы буулантма дан дыйканчылык системасынын жакшыртылышы менен мүнөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Органикалык жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, айдоо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал дыйканчылык системасына жыш (эгин жана башка) жана жөөккө себилген (пахта жана башка) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү менен топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди жетиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык менен иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мүнөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн дыйканчылык системасы иштелип чыгылат. Кыргызстанда ар бир облус жана аймак үчүн ил. жактан негизделген дыйканчылык системасы иштелип чыкан.