Top 10 similar words or synonyms for чогултушат

күрүчтү    0.824638

азыткыларды    0.819153

жүгөрүдөн    0.816860

кургаткыч    0.810966

кутуга    0.807566

чайнек    0.805957

ачытылып    0.805319

туздоо    0.804527

жумшартуучу    0.803091

камырды    0.802426

Top 30 analogous words or synonyms for чогултушат

Article Example
Экскурсия 5. Окуучулар 20–25 мүнөт материал чогултушат, байкоо жүргүзүшөт.
Орто кылымдар Окумуштуулар адамдардын турмушу жөнүндөгү маалыматтарды көптөгөн булактардан чогултушат. Анан аларды салыштырышып, алар да белгилүү бир мезгилдеги турмуш канчалык туура чагылдырылгандыгын айкындашат, андан соң тыянактарды чыгарышып, тарыхтын айрым окуяларына жана бүтүндөй бир мезгилдерине түшүндүрмө беришет.
Сүмөлөк Илгертен кыргыздар дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен. Ошол майрамдардын бири – «Нооруз».
Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.
Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын биринде: «Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Элдин айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б чогултушат. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей көпчүлүктөн жыйналган тамак-аш чоң казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылат. Ал кайнайын деп калганда, чиедей жаш тогуз баласын ээрчитип жесир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга көзүнүн жашын көлдөтүп: «Айланайын журтум, казаныңарга кошор эч нерсем жок, мына бул тогуз тоголок таштан башка эч нерсе таппадым, жок дегенде алар тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын», – деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таза жууп, «Жараткан Алла таалам калайык калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин» – деп казанга салат. Казан боркулдап кайнай баштайт. Ак элечектүү энелер, байбичелер казанды аралаштырган сайын: «Айланайын кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалайды алып келсин, журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүмдүн, берекенин, ден соолуктун жылы болсун» дешип тилешет. Табы менен от жагып, казан бүлкүлдөп кайнай берет. Курсактары ачып, чаалыккан балдарынын алды кыңылдап ыйлап жатып уйкуга кетет. Казан таң аппак атып калганча кайнайт. Ага салынган ар түркүн нерселердин буруксуган жыты каңылжарды жарат. Эң бир таттуу, жегиликтүү, токчулук даамданып бышат. Ал жакшылап демделип, суугандан кийин идиштерге салынат. Аны жаш-кары дебей сөөмөйлөрү менен илип жешет. Сүмөлөк бир айга жетет. Калк ачарчылыктан аман калат. Мындай ширелүү, күлазыктуу, касиеттүү тамакты эл Сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз токчулукту алып келет. Эгин укмуштуудай чыгып, мол түшүм алынат. Калк токчулукка белчесинен батат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ата-бабаларыбызды ачарчылыктын апаатынан аман сактап калган касиеттүү сүмөлөк – ыйык тамак катары бааланып калат. Кийин ал бара-бара жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.
Кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат менен өткөрүшчү, ага бир-эки эмес айыл бүткүл кыргыз уруулары катышчу. Тарыхта айтылгандай, Нооруз күндөрүндө согуш токтолуп, уруу аралык кастыктар жоюлуп, эл чыр-чатагын унутуп, таарынгандар элдешкен, жүрөктөргө жылуу сезимдер келген. Нооруз накта элдик майрам болгондуктан, анын өзөгүн элдин байыртадан бери келаткан салт-санаасы, үрп-адаты, оюн-тамашасы түзгөн. Төө ат чабылып, Ат үстүндө түрдүү чеберчиликтер көрсөтүлгөн. Балбандар күрөшкө түшүшүп, көзгө атар мергендердин мелдештери өткөрүлчү. Кечкисин ар түрдүү оюндар уюштурулуп, майрам аябагандай кызыктуу өткөрүлгөн.
Гамбия Гамбия унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында Конституциясы 1996-ж. 8-августтагы референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Эркиндик жана социализм үчүн улуттук демократиялык уюм, Патриоттуулукка багыт алуу жана түзүү альянсы, Көзкаранды эместик жана социализм үчүн элдик демократиялык уюму. Гамбиянын аймагы ойдуңдуу түздүк (бийиктиги 100 мге чейин). Түздүк Гамбия дарыясынын өйүз-бүйүз жээгин бойлой 350 кмге созулуп жатат. Өлкө кен байлыкка жарды. Климаты субэкватордук, жайы (июнь-октябрь) жаанчыл, кышы (ноябрь-май) кургак. Айлык ортотемпература 25ө-27°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Негизги дарыясы Гамбия, чыгыштан батышка карай бүт өлкөнү аралап агат. Суусу мол жана жайык. Жери токойлуу келип, акациялуу жана баобабдуу саванналар басымдуу. Гамбия дарыясынын өрөөндөрүндө дайыма жашыл тропик токойлору бар. Жалпы аянты 40 миң га болгон коргоого алынган 90 табигый аймагы бар, андан ичкери Кианг-Вест, Ривер-Гамбия улуттук парктары уюштурулган.Калкы көп улуттуу; көбү (80%) мусулман, калгандары эски динге ишенет. Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 52,3; аялдарыныкы 56 жашаары Орто жыштыгы 1 кмжерге 137 киши. Калктын 75% айыл чарба менен алектенет. Шаар калкы 30%. Ири шаарлары Брикама, Банжул, Серекунда, Бакау. Гамбиянын байыркы жана о. кылымдагы тарыхы толук изилдене элек. 13-15-кылымдарда Гамбиянын аймагы Мали империясынын, кийинчерээк Сонгаи мамлекетинин курамына кирген. 14-15-кылымдардан Гамбияга европалык келе баштайт. 1807-74-ж. бир катар уруу жолбашчыларына протекторат жөнүндөгү келишимдерди таңуулап, өз колониясына айландыруу менен Улуу Британия Гамбияга жаңы аймактарды кошот. 1902-ж. Гамбия дарыясынын өрөөнү бүт (Сента-Мэри аралынан башкасы) Британия протектораты болуп жарыяланат. Экинчи дүйнөлүк согуштанкийин Африка өлкөлөрүндө боштондук кыймылы күчөп, саясий партиялар түзүлөт. 1960-ж. бир палаталуу парламент, 1961-ж. алгачкы жолу курамына гамбиялыктар кирген Аткаруу кеңеши түзүлөт. 1963-ж. Гамбияга чектелген өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1965-ж. 18-августта Гамбиянын көзкаранды эместиги жарыяланат. 1965-ж. Гамбия БУУга кабыл алынган. 1970-ж. 24-апрелде Гамбия республика деп жарыяланып, Д. К. Жавара президент болуп шайланат. 1981-89-ж. Гамбия Сенегал менен бирдикте Сенегамбия федерациясын түзүшкөн. Гамбиянын өкмөтү тышкы саясатта аскердик-саясий блокторго кошулбоо саясатын жактайт. Гамбия Африкадагы экономикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн бири. 1994-ж. мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында Я. Жамме бийликке келген. 1996, 2001-ж. президенттик шайлоолордо Жамме жеңишке жетишкен. Өлкөдө жакырчылыкты жоюу, менчиктештирүү боюнча ЭВФ тарабынан сунушталган программа экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө. 2-3-жылдан коррупцияга каршы күрөшүү компаниясы жүргүзүлүүдө. Гамбия агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көзкаранды. ИДПде айыл чарбанын үлүшү 35,5%, өнөржайыныкы 12,2%, тейлөө чөйрөсүнүкү 52,3% . Экспорттолчу негизги өсүмдүгү жержаңгак. Жыгаччылык, балык уулоо, тамак-аш өнөржайы бар. Шалы, таруу, акжүгөрү, маниок, жүгөрү, буурчак, банан жана цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Май пальмасынын жемишин чогултушат. Деңизден балык кармалат. 2003-ж. 130,2 млн кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 3,7 миң км (2005). Негизги деңиз порту Банжул шаары Негизги суу артериясы Гамбия дарыясы (390 км чейин кеме жүрөт). Башкы дарыя порттору Фатото, Жоржтаун, Кунтаур, КауУр, Банжул, Барра. Негизги соода шериктери: Франция, Улуу Британия, Индия, Германия жана Италия.