Top 10 similar words or synonyms for ээ

эгедер    0.711627

татыктуу    0.628122

дуушар    0.568762

себепкер    0.540897

себеп    0.537899

мүнөздө    0.531810

муктаж    0.530735

жолтоо    0.516376

көзкаранды    0.506710

тоскоол    0.500961

Top 30 analogous words or synonyms for ээ

Article Example
Ээ Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
Ээ Ээ – кыргыздардын салттуу түшүнүгүндө ыйык жайлардын, жерлердин жана жан-жаныбарлардын колдоочусу. Ишеним боюнча айрым бир жайларга, жерлерге, жаныбарларга тиешелүү колдоочу өкүм сүрүп, ал ошол жердин, жаныбардын ээси катары эсептелген. Мис., булактын ээси, мазардын ээси, жаандын ээси, күндүн ээси, ашуунун ээси жана башка, аларды ыйык тутушуп, сыйынышкан жана курмандык чалышкан. Ыйык жерлерге же бейиттерге бакан сайып, ага түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдү байлашкан. Кырсык баскан учурда, аял көпкө чейин төрөбөсө, балдар токтобосо жана башка кырдаалдарда касиетүү ээси бар деп эсептелген жерлерге түнөп, курмандык чалышып сыйынышкан, ээсинен ырайымдуулук сурап жалынышкан. Кыргыздардын жер-суу аттарында «ата» деген сөз уланып айтылганы ушул ишенимге түздөн-түз байланыштуу. Мис., Кочкората, Ысыката, Чолпоната, Камбарата жана башка. Алар адамдарга тирүү жан катары көрүнгөн. Мис., булактын ээси ак тайлак, канаттуу жылан, ала бугу жана башка Айрым аймактарда курмандыкка союлган малдын этин жешкенден кийин сөөктөрдү бир жерге топтоп, айлана-тегеректеги таштарга май жалаткан. Ушундай жол менен колдоочуну тамактандырып жаткандай болушкан. Көпчүлүк учурларда адамдын өлүмүн кабарлаганда ээси алды, ээсине бердик деп да айтышат.
ОБЖЕКТТЕРГЕ ЭЭ БОЛУУ Обжекттерге ээ болуу компьютердик системге жетүү үчүн керек болгон кандайдыр белги. Обжекттерге ээ болууга мисал төш белги, кардтар жана ачкычтар кирет. Обжекттерге ээ болуу каражаттары жекече тааныгыч номерлер менен бирдикте пайдаланылат. Жекече тааныгыч номер мекеме же колдонуучу өзү дайындаган сандык парол. Жекече тааныгыч номер кассирдин автоматташтырылган машинесине кардты пайдаланууда киргизилет жана коопсуздуктун кошумча деңгелин камсыз кылат.
Манастын курал-жаракка ээ болушу, он бир дуу-дуунун жиберген балбандарынын жазаланышы Манас жолдошторун эстеп, кайда жүрүшөт болду, — деп айланага көз салып, алардын Талды-Суудан келе жатканын көрөт. Манас турган жер Курбу-Кум деп аталып, аркар, кулжа жайнаган кайыптын кени экен. Жолдошторун утурлап бармак болуп Манас бастырайын десе Аккула артка кетенчиктеп, баспайт. Бул эмнеден үркүп жатат? — деп, ойлогон Манас алды жагына. көз салса куйругу чагарактаган, төшү жагжайган, көзү чыныдай, жүнү кызыл сур, башы чоң казандай, көкүрөк жүнү самсаалаган, көчүк жагы тарбайып жылаңач, бычактай курч азуу тиши бир карыш, мойну менен шилисинде кере кулач жалы бар, чоңдугу өгүздөй, басканы адамдай, капталында канаты бар, куйругу кылыч, башында найзадай мүйүзү бар бир укмуш жандыкты көрөт. Баягы жандык дөбөгө басып чыгып кыйкырса үнү беш күндүк жерге угулуп, үндүн ачуулугунан айланадагы жети жүз он төрт кулжа кырылып калат. Кулжалардын өлгөнүн көргөн Манас залим экен, муну атайын деп алыскы-жакын айныбас, ыраакы-жакын ылгабас, ортосу болот, оозу албарс, түтүнү туман, түбү Ыспан, кароолу дажаал, огу ажал Аккелте мылтыгын алып өпкө тушуна кармай бергенде алиги айбан асманга алты аркан бою көтөрүлүп барып, кайра жерге түшүп сулап калды. Манас басып келип Айкожо берген Ачалбарс кылыч менен белинен бөлө чаап салды. Ачуу айкырыкты, анын артынан атылган мылтыктын үнүн угушкан жолдоштору шашылып келип калышты. Кырылып калган кулжалардын этин бөлүп алышсын деп Манас элге алты жигит кабарга чаптырды. Айланадан эки миң адам келип, кулжалардын эттерин жүктөп кетишти. Ошол күндөн ошол жер Кулжа аталып калыптыр. Эл дүрбөп жүргөндө кытайлардын он бир балбаны «Манас», «Манас» деген сөздү кулактары чалып, издеп келип, Манасты таптык, эми айдап кетебиз деп көңүлү жайланган немелер: Атаң ким? Чын эле Манассыңбы? деп баатырга тийиштик кылышты. Атайын мени издеп келсеңер үйгө жүргүлө, атамды көргөзөйүн деп, Манас аларды айылына ээрчитип барат. Жакыпты көрүп, бизди алдап тескери жолго саласың, кандарга ичиң бузук экен, азыр байлап кетебиз деп, Жакыптын жалынганына карабай ортого алышты. Күнөөсү жок, кары адамга катылбагыла деген Манасты да кошо байламакчы болуп, ага жабылышты. Жаалы келген Манас жабылгандардын төртөөн катар кармап -көйнөктөй желпип жерге уруп, калгандарын бири менен бирин урунуштуруп, жеке өзү он бир балбанды байлап, кулак-мурунун, колу-бутун кесип, баарын бир-бир мүчөсүнөн айырып, аттарынын куйрук-жалын кыркып таштап, кандарыңарга барып айтып, колуңардан келген жамандыгыңарды жасап алгыла — деп коё берди. Он бир балбан асты алтымыш күндө, арты алты айда өз кандарына барып, көргөндөрүн айтып арызданышты.
Манастын курал-жаракка ээ болушу, он бир дуу-дуунун жиберген балбандарынын жазаланышы Сагымбай Орозбак уулу эпостун кеңири белгилүү эки окуясын кошуп бир окуя катары берген. Көпчүлүк варианаттарда өз-өзүнчө айтылат. Айрыкча баатырдын курал-жаракка ээ болушу баатырдык эпостордо кеңири жолугуучу туруктуу сюжеттердин бири. Ошондой эле өчөшкөн жоосунун үшүн алуу үчүн кулак-мурдун кесип жазалоо да көп элдердин жөө жомокторунан баштап эпосторуна чейин кеңири тараган сюжеттерден (Мисалы, нарт эпостору жана башкалар).