Top 10 similar words or synonyms for черкеска

папах    0.951897

жеңсиз    0.940270

бүйүрмөлүү    0.929238

кофта    0.921592

юбка    0.917095

lagenorhynchus    0.916480

бешмант    0.912514

rattus    0.910877

шара    0.909271

орулгон    0.905534

Top 30 analogous words or synonyms for черкеска

Article Example
Адыгэлер Адыгэлер - эл, Адыгэ Республикасынын жергиликтүү калкы. Орусиянын Краснодар крайында, ошондой эле Түркия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 108,1 миңи Адыгэде, 15,8 миңи Краснодар крайында (2002). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. Адыгэлердин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман-суннит. Скиф, сармат жана алан урууларынын аралашканына карабастан адыгэлер түндүк-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13-14-кылымда алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек дарыясынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат менен белгилүү) азыркы адыгэлердин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык жана багбанчылык менен кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары.
Кабардалар Кабардалар (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Краснодар, Ставрополь, Түндүк Осетия аймактарында, ошондой эле Түндүк Америка, Батыш Европа жана Түштүк-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, анын ичиндеКабарда-Балкарияда 490 453 миң киши(2010). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер, моздоктук Кабардалар православие динин тутушат. Этностук негизин адыгелер жана черкестер түзөт. Кабардалардын ата-бабалары Түндүкжана Түндүк-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зихтер (1-6-кылымдар), черкестер (13-19-кылымдар). Кабардалар 13-15-кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-ж. Кабардалар өз ыктыяры менен орус мамлекетинин курамынакирген. Негизги кесиби дыйканчылык жана мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимдери алтын менен жасалгаланган. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук катары максым кеңири колдонулат.
Ингуштар Ингуштар - (өздөрүн галгай деп аташат) – РФдин курамындагы Ингушстандын калкы. Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Ж. Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр 7-к-га таандык. Тили жана маданияты боюнча чечендерге жакын. Байыркы убакта Ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жейрах, Мецхаль) бөлүнүп, тоолуу аймактарда жашап, 16-17- кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осетия) отурукташышкан. 19-кылымдарда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кыштагы) кыш. пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. 19-кылымдын башталышында Россиянын, 20-кылымдарда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш АО, 1934-ж. Чечен АО менен биригип, Чечен-Ингуш АО, 1936-ж. Чечен-Ингуш АССРи түзүлгөн. 1944-ж. Ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-ж. Чечен-Ингуш АССРи калыбына келтирилип, Ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дубалы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салттуу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркектер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагынышат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер.
Лактар эли Лактар эли (өздөрүн лак, эскиче казикумухтар деп аташат) – Россия Федерациясындагы эл; Дагстандын жергиликтүү калкы. Тоолуу Дагстандын борбордук бөлүгүндө (Лак жана Кулин райондору), Түндүк Дагстанда (Новолак району), Ставрополь крайы, Кабарда-Балкария, Москвада, ошондой эле Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжанда да жашашат. Жалпы саны 200 миң киши, анын ичинде 139,7 миңи Дагстанда (2010). Лак жана орус тилинде сүйлөшөт. Дини боюнча мусулман-сунниттер. Лактар алгач Казикумух хандыгына (шамхалдык) баш ийип, 1820-ж. Россияга кошулган, 1860-ж. Дагстан облусунун Казикумух округунда хандык болуп түзүлгөн, 1922-жылдан Лак округу, 1928-жылдан кантон, 1929-жылдан Дагстан АССРинин курамындагы район, 1935-ж. Лак жана Кулин райондоруна бөлүнгөн. 1944-ж. лактар күч менен депортацияланган. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык жана кол өнөрчүлүк. Тоолуу райондордо жүн (кездеме, кийиз, килем, таар жана башка токуу иштери), металл, жыгач, таш жана тери иштетүү кеңири өнүккөн. лактардын салттык социалдык уюмун айылдык жамаат түзүп, аксакалдар кеңеши башкарган. Бир тукумдан тараган үй-бүлөнүн патрилиниялык тобу сакталган. Лактар эки кабаттуу үйлөрдү куруп, чатырын темир же черепица менен жабышкан. Эркектер туника сымал көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска (бели тар, жакасыз, узун тар чапан), аялдар көйнөк, кенен шым, тон жана булгаары өтүк, башына күмүш кооздуктар менен жасалгаланган жамынгыч оронушкан. Салттуу тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары, ошондой эле жашылча-жемиштер. Улуттук майрамдары – Жаңы жыл, Кош айдоо, Түшүм жыйноо жана башка.
Аварлыктар Аварлыктар (өздөрүн маарулал дешет) Дагстандын жергиликтүү калкы. Ошондой эле Россиянын башка региондорунда Азербайжан, Грузия, Казакстанда да жашашат. Жалпы саны 814,5 миң киши, анын 758,4 миңи Дагстанда (2002). Авар тилинде сүйлөшөт. Дини мусулман-суннит. Аварлыктардын азыркы аймагында биздин замнга чейин 1-миң жылдыктын экинчи жарымында жашаган лег, гел, каспи, ути жана башка уруулар авар элинин этностук негизин түзгөн. 20-кылымдын башында батыш Дагстандагы тили, маданияты, үрп-адаты тектеш андоцез жана арчын элдери кошулган. 1959-жылдагы эл каттоодо өздөрүн аварлыктар деп аташкан. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык менен кесиптенишип, тоонун түбүнө таш менен тирештире салынган кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Көбүнчө бир үйдүн чатырын экинчиси короо катары пайдаланган, ар бир кабатында өзүнчө эшиктери бар, мунаралуу үй-сепилдер болгон. Эркектер туника сыяктуу көйнөк, бешмант, черкеска, папах, башлых, тон, бурка, кайыш кур, кийиз же булгаарыдан бут кийим; аялдар жеңдүү узун көйнөк, ыштан, башына чокто (аялдардын кеп такыяга окшогон баш кийими), саймаланган, күмүш менен кооздолгон кийимдерди кийишкен. Негизинен сүт, эт азыктарын жана камырдан жасалган тамак, ошондой эле түрдүү татымалдарды пайдаланышат.