Top 10 similar words or synonyms for чегиш

кыргызбыз    0.853009

макалдын    0.852981

жамгырчыны    0.843818

гаврош    0.838919

бачым    0.830294

усталарды    0.828195

учканын    0.827659

досторум    0.825648

mosaic    0.823954

жүрөктүүлүк    0.822473

Top 30 analogous words or synonyms for чегиш

Article Example
Чегиш Чегиш — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Жазира, Жемсинин каны. Алтайда Жакыпты пааналап жакын турган беш-алты түтүн каңгылардын баатыры. Нескаранын колу келатат деп Байдан уккан Жакып Ч-ке кабар жиберет. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта Сараласын чабат. Жолой менен балбан күрөшкө чыгасыңбы дегенде: "Жолобоймун Жолойго Жолу каткан капырга" (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 183, 264), — деп чыкпай коёт.
Каңгы Чегиш деген алп эле (Сагымбай Орозбаков, 1. 191).
Токтогул Калмамбет уулу Т. «Бостон», «Соболоң-Султан», «Көкөтөйдүн Алтын-Көкүл», «Кер-Көкүл», «Эр Чегиш» сыяктуу дастандарынан үзүндүлөр уулу Акматтын айтуусунда жазылып алынган.
Токтогул Калмамат уулу Токтогул Калмамат уулу (1854, Өзгөн өрөөнү Доңуз-Тоо аймагы) — "Манас" айтуучу , жомокчу. 13 жашында атасынан айрылган. Отузга чыкканча Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, ал кайда барса кошо жүрүп, той-тамашаларда жомокчу, ырчы, комузчуларга жолугуп, көптөгөн жомокторду, ырларды уккан. "Манас" айтканды Келдибек, Тыныбек жана башкалар жомокчулардан, ырчылардан, сөзгө чебер чечендерден үйрөнгөн. 1889-жылдан мергенчилик менен оокат кыла баштайт. 1894-ж. Жазы суусун бойлоп Кара-Шоро, Чыттыга көчүп барып туруп калат. Чытты ашуусунан жайы-кышы ары-бери өткөндөр, мергенчилер менен сүйлөшүп, алардан көптөгөн жомокторду, уламыштарды, дастандарды үйрөнгөн. Т. "Бостон", "Соболоң-Султан", "Көкөтөйдүн Алтын-Көкүл", "Кер-Көкүл", "Эр Чегиш" сыяктуу дастандарды да билген (Кол жазмалар фондусу, 291-инв.). Анын жомокторунан, дастандарынан үзүндүлөр уулу Акматтын айтуусунда жазылып алынган.
Көкөтөйдү койгону Үч жыл өтүп, көргөн камылгасы карк болгон Бокмурун атайы үй тиктирип, туу көтөртүп, Кошойду баш кылып, эл билермандарын жыйып алып, атам өлөрүндө аш берсин деп керээзин айткан экен, карызымдан кутулайын деп ар түрдүү дүйнө чуктадым. Кыямат кайым болгуча кылым журт айтып жүргүдөй аш берсем деген оюм бар, кандай дейсиңер? — деп, сурады. Кошой Бокмурунга ыраазы болуп, чогулгандар да Бокмурундун оюн кубатташты. Аш берүүгө ылайыктуу жер деп Каркыраны жактырышты. Кеңешке келгендерди узатып, Бокмурун казак — кыргыздан үч жүз миң үй чогултуп, Каркыраны көздөй элин көчүрүп, Үч-Каркыранын боюна, Үч-Булактын оюна жетип үй тигишти. Каркыранын талаасы ээн, чөбү үзөңгүдөн экен. Токсон миң жигит тоодон отунга арча, четин, карагай кыркып ашка камылга көрө башташты. Бокмурун кимдерди чакыралы деп кеңеш салса Баймырза казак менен кыргызга, калмактардын азыраагына айтып, ашты өткөрүп, милдеттен кутулалы — дейт. Нааразы болгон Бокмурун аны кагып таштап, алтымыш уруу тил билген, акылдуу бала жаш Айдарды чакырып алып, Мааникерди мингизип, күндүн чыкканы менен батканындагы аралыкта жашаган элдерге бүт кабар бер деп жөнөтөт. Бадакшан, Балыктагы Маамытсултан канды, Мысыр менен Көпөнүн чоңу Сейиттин уулу Кемелди, даңгыттардын чоңу Чоюн алпты, бараң элинин улугу Балтаматты, Сыймун аралындагы жапандарды башкарган Көтөрүштү, калмактардын дөөлөрү Жолой менен Ушаңды, Кырмустун уулу Мурадылды, кызыл чоктуу Нескараны , Алоокени уулу Коңурбай менен, кара жалдуу Бороончу менен каңгайлардын Ороңгуну, Күбө деген жердеги дугул деген элдин Киеңкес, Кишидаш аттуу дөөлөрүн, тогуз уруу бараңдын Чатанайыш канын, дөбөттүн беги Дөмүлдү, Акун кан, Кошой карыны, Төштүк, Жамгырчы, Үрбү, Жүгөрү, Чегиш, Манас, Багышты чабар атын байлап, элин шайлап келсин деп ашка чакыртат. Манастан башкаларынын баарына келбесе чаап ала турганын да айттырат. Кабар жетип, келүүчүлөр камданып, жолун кошо эсептегенде баш-аягы бир жылга айланып, коноктордун келер учуру болду деп күтүп турушканда элдин алды болуп Толтой аттуу баласын ээрчитип жедигердин Багышы төрт миң адамы менен келип түшөт. Анын артынан жүз миң колу менен Коңурбай, ага удаа Мурадыл, Нескара, Ушаң жана башка чакырылган элдер, баатырлар — кандар өз колдору менен ашка келишет. «Сыпаанын жолу башка, барбай болбойт ашка» деп жер үстүнө чыкканга жети эле күн болгон төрө Төштүк да келет. Коноктор келип бүтүп, Манас баатыр гана кечигип жатты. Элди ашка чакырып жүргөн жаш Айдар Бокмурундун бар деген жерине барып, айт деген сөзүн айтып ирети менен аягында Манаска кабар айтканы Таласка кайрылат. Айдар барганда Манас ууга кетип ордосунда жок экен. Сыргак, Серек, Чубак үчөөнө жолуккан Айдар Бокмурундун Манаска опуза айтпа дегени эсинен чыгып кетип, тигил үчөөнө да келбесең чаап аламын дейт.