Top 10 similar words or synonyms for чатырдын

жардын    0.816310

үйөр    0.792971

таманына    0.787150

куржунга    0.786332

өзөндүн    0.775444

кашат    0.772021

чуңкур    0.771301

көйнөктүн    0.770005

арыктын    0.764443

мукур    0.761892

Top 30 analogous words or synonyms for чатырдын

Article Example
Ставка 1) башкы аскер кол башчы майдан талаасындагы аскерлерди башкарып, белги берер мерчемдүү жерге тигилген көчмө чатырдын орусча аты.
Мансарда Мансарда - имараттын чатырындагы бөлмө. Ал кошумча турак жай катары курулуп, имаратка көрк берчү касиетке да ээ. Чатырдын бул типтеги конструкциясын 17-кылымдагы француз архитектор Ф. Мансар кеңири колдонгондуктан, мындай бөлмөлөр анын атынан аталып калган. Кең маанидеги мансарда – бийик чатырдын ичине жашоого жана чарбалык максатта колдонулуучу бөлмө.
Парапет Парапет (французча parapet, италиянча parapetto) – чатырдын, террассанын, балкондун четин, жээк, көпүрөнү (тосмо катары) бойлото өтүүчү, ошондой эле плотина, дамбанын кырында (толкундун кыйратуусунан коргоочу), кеме жүрүүчү шлюздардагы (камералык тосуучу) анча бийик эмес туташ дубалча.
Балзострада Балзострада - (фр. balustrade) тепкич, балкон, терраса, чатырдын четтерин чакан бийиктиктеги балясиналар менен тосуу. Классикалык архитектурада балзостраданы көп учурда четтери бириктирилип, бийиктиги боюнча тең, тегиз узундуктагы төрт кырдуу устунчалар түзөт, к. Парапет.
Калкалоочу конструкциялар Калкалоочу конструкциялар сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Биринчисине сырткы дубалдар, терезелер, чатыр, чатырдын астындагы жана эң астыңкы кабаттын жабуулары кирет. Алар имаратты шамалдан, температуранын өзгөрүшүнөн, зыяндуу чуудан, жаан-чачындан ж. б. ар кандай сырткы таасирлерден сактайт.
Балюстрада Балюстрада (французча  balustrade) – тепкич, балкон, терраса, чатырдын четтерин бир метр бийиктиктеги балясиналардан турган тосмолор менен тосуу. Классикалык архитектурада Б. көп учурда четтери бириктирилип, бийиктиги б-ча тең, узундугу тегиз төрт кырдуу столбиктер (тумбочкалар) түзөт; тумбочкаларга вазалар менен статуялар коюлат; к. "Парапет" макаласын.
Имараттын дубалы Имараттын дубалы тышкы жана ички болуп бөлүнөт. Тышкы дубал жылуулукту начар өткөрүүчү, чыдамдуу жана бекем болушу зарыл. Ички дубал да чыдамдуу, үндү начар өткөрүүчү болуп, ж. б. талаптарды канааттандырышы керек. Сырткы дубал күч келүүчү, өзүн көтөрүүчү жана күч келбөөчү болуп айырмаланат. Күч келүүчү дубал чатырдын, шыптын жабуусунун, өзүнүн ж. б. салмактарын көтөрүп турат. Өзүн көтөрүүчү жана күч келбөөчү дубалдар ар бир кабатта өздөрүнүн гана салмагын көтөрөт.
Куугун Арттан куугун келгенче Манас менен Чубакка аман жетип алсак болот эле — деп эки баатыр көп жылкыны айдап катуу жөнөштү. Үстүндө ээси жок Торуайгыр Коңурбай жаткан чатырдын тушуна барып окуранып, жер чапчыйт. Сыртка чыгып чамбыл ала чаң болгон, ээси жок айгырды көрүп, Коңурбай жоо малды алганын билди. Кентке келип коңгуроо уруп, колуна кабар берип, токсон миң кол алып, калганың арттан келе бергиле деп, Коңурбай аламандап куугунга жөнөдү.
Бельведер Бельведер (италянча belvedere, сөзмө-сөз – эң сонун көрүнүш). 1. чатырдын үстүнөн чыгып турган жана андан теребелге көз жүгүртүп кароого мүмкүн болгон сөөрү же анча чоң эмес павильон түрүндөгү имараттын бир бөлүгү. Бельведер имараттын көлөмдүү, мейкиндик композициясындагы маанилүү көңүл буруучу нерсеси болуп саналат. 2. Парктагы дөңсөөлөрдө курулган павильон же сөөрү. 3. Варшава, Вена, Прага, Ватикандагы барокко жана классицизм. "Кайра жаралуу" сүрөткерлери тарабынан түзүлгөн кээ бир ак сарай жана ак сарайлык-парктык комплекстердин аталышы.
Семетейдин Чынкожо, Толтойду Жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү Кең пейил Семетей жок дебей бере салды. Шумкарды алган Күлчоро куу учуп кетсин деп көрүнөөгө чыгып, куш салуунун ыгын билбемиш болуп буйдалып турду. Аңгыча Семетей артынан жете келип шаштырганда: — Бул кууга кушту салбайлы беш баласы бар экен убалына калбайлы, — деди. Семетей анын тилин албай кушун кууга салды. Шукшурулуп сайылган Акшумкар ак кууну моюнга тээп алышып калды. Семетей аларды көздөй чу коюп, жетип барып жерге секирип түшүп колун сермеп кууну кармамак болду эле, ал тереңге жылып кетти да шумкардын чолок боосун кымырып колтугуна катып, Аккуу болуп кубулган Айчүрөк жайчылыгы менен жөө туман түшүрүп, көздөн кайым болду. Шумкарын ала качтырган Семетей катуу кайгыга батып, эки чорону Каныкей, Бакай, Сарыкан жана Чачыкейге жиберди. Бери чыгарда Чачыкей чылбырыма чырмалып жибербей турду эле, мүмкүн шумкардын жоголгон себебин билер. Эгер ушул сапар сырын ачса астына күнү албаска ант берейин деди. Өзү ак каңкыны жазданып, Аколпокту жамынып күйүт тартып жатып калды. Чачыкей мунарага чыгып, дүрбү салып, келе жаткан чоролорду көрүп, Семетей жоктугун байкады да, булкунган боюнча коргонуна кирип кетти. Сырттан кезиге алышпай калган чоролор каардуу Чачыкейдин үстүнө батынып кире алышпай турду. Канчоро мага караганда кепке уста элең сен кирип чыкчы, — деп Күлчорого кайрылды. Ал макул болуп Чачыкейдин үстүнө кирип, Семетей шумкардын жайын айтсын, — деп жибергенин айтты. "Талаадагы эркектин кушу менен иши бар, үйдө жүргөн катындын ашы менен иши бар, качырып ийген шумкарыңар менен ишим канча? Көрүнбөй жогол көзүмө", — деп ак тинтени ала жүгүрдү. Күлчоро кача бергенде тинте менен уруп калды, ал каалгага тийгенде, каалганын бырынчырыны чыкты. Эки чоро кеңешип, Үч-Кошойдогу Бакайга барышты да болгон окуяны айтышты. Бакай өзүнүн байбичеси Көрпөжанды, Сарыкандын байбичеси Тынымкан менен, Жамгырчыны байбичеси Жайнаке менен ээрчитип Каныкейге барды. Алар кеңешип туруп Көрпөжан, Тынымкан, Жайнаке — үч байбичени Чачыкейге жиберишти. Көрпөжан: — Шумкардын жоголгон себебнн билет экенсиң, чын сырыңды айт. Айтпай койсоң Семетейдин ачуусу кыйын эле, саамай чачың кербесин, талак катын бербесин, кементайды кийгизип, кер байталды мингизип атаңды көздөй айдабасын, тилди ал, — деди Чачыкейге . Эселек Чачыкей оозуна келгенин оттоп, Бакай, Сарыкан, Жамгырчыны тилдеп, үч байбичени ордосунан кууп чыкты. Жаш келин эмес, эч бир адамдан катуу кеп укпаган Бакай катуу капа болду. Каныкей үч канга үч жорго тартуу кылып кечирим сурады. Күлчоро менен Канчорону чакырып: — Агасы жокто анын катынын иниси жинин тыюучу. Кандарды тилдеген каапырдын кашайтып көзүн оюп чык! Аны менен мен тең тууганмын, жообун өзүм берем, деди Күлчоро кара жаак булдурсунду бүктөй кармап, Чачыкейдин ордого барды. Анын жөкөр кырк келини дарбазанын каалгасын бекитип, киргизбөөгө аракет кылды. Каалганы сындыра тээп, кирип барган Күлчоро Чачыкейди чачынан толгой кармап булдурсун менен карсылдакка алды. Чачыкей аргасы жоктон Акшумкарды Айчүрөк алып кеткенин айтып берди. Күлчоро кубанган бойдон бул жөнүндө Бакайларга айтып келди. Бакай Семетей аргын менен ногойдон көп кол менен мени, Сарыканды, Жамгырчыны алып барсын Ооганга. Анткени чыр салышкан доосу көп, чарпыша кеткен жоосу көп, — деди. Күлчоро Канчорого: Калыңга берчү немедей карыган кишилерди ээрчитип не кылалы. Катынын сабап таштадык үйгө кайра келсек мүшкүл иш болот, а көрөкчө абамды ошондон нары ээрчитип Ооганга жөнөп кетели, — деп, Каныкейдин ордодон ок-дары салынган куржунду алып, Акборчукка жүктөп Семетейге жөнөдү. Күлчоро менен Канчоро Айчүрөктүн Акшумкарды ала качканын сүйүнчүлөп барышты. Шумкардын жайын укканда Семетей атасы Манас тирилип келгендей сүйүнүп, ак боз бээ алдырып, ай туякка чалдырды. Алтын боолуу чатырды аземдетип бүктөтүп Акборчукка жүктөтүп, союшка кызыр эмди тай алып, Манастан калган кызыл туу асмандата көтөртүп, Акшумкардын дартынан, Айчүрөктүн артынан Ооганга жөнөп калды. Нечен күн, нечен татаал жол басып, Кара-Кыяга жетип, өргүү кылды. Эртеси таңда турган Семетей Агынектин белине чыгып барып Оогандын шаарын көрмөккө атасы Манастан калган чоң дүрбүнү салды. Жеткилең тиктеп караса жети күндүк алыстык жети аркан бою көрүнгөн дүрбүдөн Акундун шаарын көрдү, калайыгы кай түрдүү баарын көрдү. Андан бери Ополдун тоосуна, Ак-Кыянын оюна, чоң Үргөнчтүн боюна дүрбү салды эле отуз келин, отуз кыздын ортосунда оюн салып жаткан Айчүрөк көрүндү. Келиндерден келишимдүү узду алып, жаштардан артыкча сулуу кызды алып, алтын жээк чатырдын алтымышын бүктөтүп, ак буурага жүктөтүп, Айчүрөк Семетей келип калар деп тосо чыккан кези экен. Семетей Күлчоро менен Канчорону чакырды. Эки үзөңгү кагышып, эки чоро жарышып, абасына ашып-шашып жетип барышты. Семетей аларга: —Өйдө чыксам өбөгүм, ылдый түшсөм жөлөгүм, эки бирдей эреним, мен көргөндү көрдүңбү, мен туйганды туйдуңбу? Чоң-Ополдун оюнда, чоң Үргөнчтүн боюнда дайра суунун четинде, кайып-терек ичинде асмандан түтүн бөлүнөт, агарып чатыр көрүнөт аюу көпчүк, ак желдик басмайылы басылуу, быштыны мыктап тартылуу азамат аты көрүнөт. Кырдан түтүн бөлүнөт, кызыл-тазыл куш баш ээр кыздын аты көрүнөт. Күлчоро менен Канчоро кимиң барсаң аның бар, бир кишилик алың бар, кечикпей кечүү чалып бер, кечикпей кабар алып бер. Аңгеме кепти куруп кел, адашып калган шумкардын ал-абалын сурап кел! — деди эле, Канчоро кыз-келин менен эбин таап сүйлөшө албаймын, барбаймын деп кесе айтты. Он экиде Күлчоро: — Бар десең аба барайын, качып кеткен шумкардын кабарын жетип алайын, калдайган бир сан кол чыкса качпастан колду салайын. Астымдагы Актелки туягы мукур эле, ашуусу бийик тоо келсе учуп өлбөйүн, агыны катуу суу келсе агып өлбөйүн, булумду берчи кийейин, Буурулду берчи минейин, — деди. Семетей бербеймин деп айта албай берендин көөнүн кайтарбай, чечип берди буулумду, түшүп берди Буурулду. Күлчоро шапа-шупа ат токуп, буулумду кийип, Буурулду минип жөнөй бергенде, Семетей: — Тентек элең Күлчоро, бууданды катуу чаап, кокустан бутун ийинге салдырып аксатып ала көрбө, — деп эскертти. Күлчоро ана-мына дегиче Агынектин белин ашып, эрте жетип барууга эки көзү төрт болуп, кара жаак ак камчы менен Буурулду томукка тартып жиберди эле, ал куландай кулак жапырып, куюндай жерди сапырып, баскан жери быркырап, жолум үйдөй даңканы жолу каткан баланын төбөсүндө чыркырап, таноосунан чыккан буу кол ыштыктай буркурап, аркардай арыш узартып, эти кызып алган соң учкан куш менен жарышып, үстүндөгү Күлчоро оозу менен алышып, тарталбай колу карышып, Ак-Кыянын оюна, Чоң-Үргөнчтүн боюна жетип келишти. Үргөнчтүн боюна келген Күлчоро дайранын агымына көз салса, төө өркөч болуп күркүрөп, боз чамбыл болуп ылайлап, тегеренбей чогуу агып, деңизден канча чоң агып, ортосу опсуз шар агып, четинен үйөр кар агып, жаш балаты карагай түбү менен суурулуп, жарга барып урунуп, жардын боору туурулуп, кокту, чап баары жошулуп, ат агызчу туура суу миң жеринен кошулуп, карагай менен сал агып, кайың менен тал агып, үстүнөн көбүк буу болуп түбү менен үйдөй таш, түгөл агып калдырап, жер жарылып, жар кулап, суунун баары ылайлап, мөңгүнүн баары бузулуп, бөлөкчө агып алыптыр. Үргөнчтүн антип киргенине Айчүрөк себепчи экен. Семетейдин келерин билген Айчүрөк: — Эгер Чынкожо, Толтойду жеңе алчу баатыр болсо ушу суудан коркпой кечип өтсүн, кайраты жок болсо суудан коркуп кетсин, — деп күн жайлап, дайраны киргизген экен. Кирип турган дайраны карап турган Күлчоронун заманасы куурулуп: — Бул Үргөнчтү кечкен жан кыйноо тартып өлбөйбү, кыямат жайын көрбөйбү! — деп Семетейге кайтып бармакчы болду. Ошол кезде Айчүрөк отуз келин, отуз кыздын ортосунда селкинчек тээп оюн куруп жаткан эле. Акылай түндө көргөн түшүн айтып калды. Кара чаар кабылан калаанын ичин жойлоду, карс этип иттер койбоду. Чолок көк жал арстан Ооган келип чамынды, каршы алдынан чыгам деп катылган жоолор кыйрады. Бул эмине болуучу, кичүү сиңди, улуу эже, бул түшүмдү жоручу?!— дегенде Канымжан түштү жоруп, Семетейдин келе турганын айтты. Аңгыча сакчы койгон сары кыз, кароолдо турган кара кыз шашып кирип келишип, кызыл буурул ат минген, кыл куйругун чарт түйгөн, кызыл чырай, нур жүздүү жездекем келип калды, — деп сүйүнчүлөштү. Айчүрөк Семетей өзү кечүү чалбай турганын, бул анын чоросу экенин кыздарга айтты.