Top 10 similar words or synonyms for түшүндүрүүсү

NotFoundError    0.789

Top 30 analogous words or synonyms for түшүндүрүүсү

Article Example
Кыргызстан Орусиянын колониясы Ушул пикирди толуктоо үчүн Лондондогу “Таймс” газетасында келтирилген дагы бир пикирди айта кетүү ылайыктуу. “Орусиянын саясаты биздикине өтө окшош. Орусиянын Чыгыштагы өз миссиясын коомчулукка түшүндүрүүсү биздикиндей эле. Орусия максатыбыз — соода жана цивилизация, ал эми саясатыбыз согуштук басып алуу эмес, чет-жакалардагы чөлкөмдөрдү бириктирүү деп жарыялап жатат. Ушундай эле сөздөрдү биз да айтпадык беле...” деп белгилейт “Таймс” газетасы.
Ахль аль-Китаб (китеп ээлеринин» аялдарын алууга уруксаат берилген) жана иш боюнча мамиле түзүүгө уруксат берилген. Өтө радикалдуу түшүнүктөгү топтордун күнүбүздөгү түшүндүрүүсү бо¬юнча (жихад-такфириттер кээ бир радикалдуу салафиттер- вахабиттер2) бүгүнкү күндөгү иудейлер жана христиандар «китеп ээлеринин» катарына киришпейт. Ушуга байланыштуу кол тийбестик укугуна ээ эмес жана мушрикун 3 (кеп кудайга ишенгендер) жана кяфирун6 (динсиз) деп жарыяланышат.
Улуттук саясат Улуттар аралык мамилелердин айрым субъектилеринин маанилүү кызыкчылыктарынын жана мамлекеттин масштабында жалпы улуттук кызыкчылыктардын жалпылыгы объективдүү негиздөөгө ээ. Кызыкчылыктардын келишпестиги улуттар аралык мамилелердин субъектеринин улуттук өз алдынчалыкты түрдүү түшүндүрүүсү менен байланышкан. Улуттук жана саясий кызыкчылыктардын чырмалышы алардын келишпөөчүлүктөрү кагылышууга, конфликтке өсүп жетиши мүмкүн. Мындай шарттарда алардын иш жүзөгө ашырылышынын өбөлгөсү катары улуттук кызыкчылыктарга компромисске жетишүү зарыл. Ушунун өзү Улуттук саясат-тын маңызын түзөт. Анын жетектөөчү принциби болуп кызыкчылыктарды жана кызыкчылыктар аркылуу улуттарды башкаруу саналат. Улуттук кызыкчылыктардын ушул эле мейкиндигинде чечилиши Улуттук саясаттын компетенциясына кирген проблемалык кырдаалдар пайда болот.
Грыжа Адамзаты омуртка грыжасын алдын алууга болот. Ал үчүн биз балдарыбызды мектепте жана бала бакчада жүргөн кезинде эле анын омурткасын рентгенге тарттырып коюшубуз зарыл. Себеби биз рентгенге түшүү менен тубаса патологиянын бар же жогун аныктайбыз. Эгер кичинекей балада тубаса патология болсо, анда дарыгер ага туура багытты көрсөтүп, ал спорттун кайсы түрү менен машыкпоосу, же кандай кесипти аркалабашы керек экенин түшүндүрүү керек. Баланын тубаса патологиясы аныкталып, бирок бала спорт менен машыгууну каалап жатса, анда дарыгер ага ылайыктуу спорттун түрү менен машыгууга болорун түшүндүрүүсү зарыл. Мындан тышкары, бул оорудан жабыркагандар ашыкча салмак күтпөш керек. Ашыкча салмак бел омурткага күч келтирет. Ооруган адамдар кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап жүрсө жана дарыгердин айткандарын кынтыксыз аткарса, бул оорудан алыс боло алат.
Ахмадия Ахмадий мусулмандар албетте Алланын бирөө экендигине чечкиндүү түрдө ишенишет. Аталган Жамааттын түшүндүрүүсү боюнча, ушул принципти кабыл алуу өтө эле зарыл жана ал Исламдын негизги принциби. Исламдагы башка бардык ишенимдер ушул эле ишенимден атылып чыгат. Алланын бирөө экенине ишенүү адамдын жашоосунун бардык тармактарына өз таасирин тийгизет, ошондой эле анда кеңири жана терең маани бар деп түшүнүлөт. Мисалга, Алланын жалгыздыгын түшүндүрүп, Курандын «Алардан башка курчоого алуучу күч эч кимде жок» деген аяты Алладан коркуудан башка бардык коркунучтарды жокко чыгарат деп түшүнүлөт. Бул бүтүндөй Аллага тобокел кылуу жана ар бир жакшылык Андан гана чыгарына басым жасайт. Жалпысынан, Алланын жалгыздыгына ишенүү момун-мусулмандарды напсилик каалоолордун, кулчулуктун жана сезим-туйгулардын дүйнөлүк көз карандылыгынын бардык көрүнүштөрүнөн куткарат деп түшүнүлөт. Жамааттын негиздөөчүсү мындай деп жазат:
Манасчылардын түшү Манасчылардын түшү — айтуучулардын арасында түш көргөндө, касиеттүү күч даарыгандан кийин «Манас» айтып калуу салты. Элге атагы чыккан улуу манасчыбы же атагы алыска тарабаган, бир айылдын аймагында гана элине эрмек болуп айтып жүргөн манасчыбы, эч кимиси үйрөнүп таалим алган устаты тууралуу, анын зор маанисин түшүнүп турса да, эч бир эскеришпейт жана айтышпайт. Манасчылардын түшүндүрүүсү боюнча манасчылык кесип арбак колдоп, сырткы касиеттүү күч таасир бергенден башталып, ага чыгармачылык шык кирет. Түшүнө «Манас» айтасың деп Манас же анын кырк чоросу кирет да, алардын баатырдык жүрүштөрүн айтып жүрүүнү тапшырат. Мына ушул учурдан баштап, мурда эч кандай ырга шыгы жок адамдын оозунан ыр төгүлүп, талант пайда болуп, «Манас» айта баштайт. Манасчы болот. Түш көрүү процесси — айрым гана белгилүү манасчылардын чыгармачылык өнөрканасына таандык болбостон, дээрлик манасчылардын бардыгына мүнөздүү көрүнүш. Айрым манасчылар бир гана жолу эмес, бир нече жолу кайталап түш көргөндүгүн айтат. Түш көрүүнү кыргыз манасчыларына гана таандык көрүнүш катары эсептөөгө болбойт. Түрк-моңгол элдеринин эпос айтуучуларынын айрымдарынын түш көргөндөрү жөнүндөгү маалыматтар эпос изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде бар. Көпчүлүгү түш көргөндөн кийин да «Манас» айтуудан баш тартып, колунан келбей турган иш экенин айтканына болбой, экинчи жолу да түшүндө келип, көндүрүүгө аракеттенишет, болбосо опузалап коркутуп, аны «Манас» айтууга мажбурлайт. Манасчылардын түш көрүүсү жана алардын түштөрүнүн мазмундук мааниси бири-бирине өтө жакын келет. Манасчы болуу үчүн түш көрүү негиз болгон жана эл арасында түш көргөндөн кийин гана ошол адам чыныгы манасчы болот деген түшүнүк, ишеним кеңири тараган.
Дилбаян Дилбаян жанрлар боюнча да бөлүнөт. Айталык, орус методисти А. М. Гринина-Земскова дилбаяндар көркөм, публицистикалык жана илимий жанрларда болорун айтса, башка изилдөөчүлөр дилбаяндын адабий темадагы, эркин темадагы, репортаж, дилбаян-рецензия, портреттик очерк, салыштырма мүнөздөмө, аннотация, жол белгилери, аңгеме, фельетон сыяктуу жанрларын белгилешет. Айрымдар дилбаян-мүнөздөмө, дилбаян-адабий портрет, дилбаян-рецензия, дилбаян-адабий-сын макала, дилбаян-очерк (же дилбаян-аңгеме), дилбаян-эске түшүрүү, дилбаян-күндөлүк, дилбаян-ыр деген жанрдык классификацияны сунуш кылат. Кээ бир таланттуу жазылган дилбаяндарды ар кыл жанрлар аралашып келет, мисалы, бир эле каармандын образын талдоодо дилбаян автору мүнөздөмөнү да, портретти да, адабий сынды да жана башка колдоно бериши мүмкүн, мындайда иштин окумдуулугу артып, окуган кишини эриктирбейт. Дилбаян прозалык, поэтикалык, драмалык тексттерде жазылып келе жатса да, кыргыз мектептеринде көбүнчө кара сөз түрүндөгүсү арбын кездешет. Стилине карай көркөм, публицистикалык, ил. стилдерде жазылып жүрсө да, бир топ учурда бул үчөөнүн аралашып, бири-бирин толуктап турганын да көрөбүз. Бир эле дилбаяндын ичинде көркөм адабий чыгарма, илимдин тили менен бул же тигил көрүнүштү түшүндүрүүсү, коомдук актуал меселелерди көтөрүп чыгуу кездешет.
Кванттык теория Кванттык теория – илимде микродүйнө объектилеринин түзүлүшүн, кыймылын жана өз ара аракеттешүүсүн окутуп-үйрөтүүчү физикалык теория. Ал кванттык механика, кванттык статистика жана кванттык электрдинамика бөлүмдөрүн камтыйт. Электрондордун жана жарык кванттарынын касиеттеринин дал келишин изилдөө кванттык теорияны түзүүгө алып келген. Кванттык теориянын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптары: А. Эйнштейндин фотоэлектр эффектисин түшүндүрүүсү, фотондордун таралуусу боюнча А. Комптондун нурлануунун кванттык мүнөзүн ачып көрсөтүүсү. Ал эми Н. Бордун теориясы, Ж. Франк менен Г. Герцтин тажрыйбалары атомдун нурлануусунун кванттык мүнөздөмөсүн далилдеген. Теориянын өнүгүшүнүн кийинки этабы микробөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин байкоо менен иш жүзүнө ашат. 1924-жылы франциялык физик Луи де Бройль бөлүкчөлөрдүн корпускулалык абалынан тышкары дагы толкундук касиети тууралуу айткан. Дүйнөлүк окумуштуулар M. Лауэ, У. Томсон, К. Девиссон жана Л. Жермердин тажрыйбалары бөлүкчөлөрдүн толкундук касиетин далилдөөчү дифракция кубулушуна арналган. Кванттык теорияда материянын туруктуулугу жана өзгөрмөлүүлүгү, дискреттүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү анын негизги касиеттери болуп эсептелет. Кванттык теорияда микробөлүкчөлөрдүн кыймылы координаталардын жана убакыттын бир катар функциялары [ formula_1х, y, z, t] аркылуу жазылат). Эркин микробөлүкчөлөрдүн негизги мүнөздөөчүлөрү энергия (Е) жана импульс (р). Кванттык теорияда закондордун негизги айырмачылыктары – символдордун сандар менен эмес, абстракттуу математикалык түшүнүктөр – операторлор менен белгилениши. Классикалык теориядан айырмаланган жаңы түшүнүктөр, башкача айтканда материянын корпускулалык (дискреттүү) жана толкундук (үзгүлтүксүз) касиеттери келип чыгат. Бул атомдук процесстерди жазуудагы жаңы ыкма болуп эсептелет.