Top 10 similar words or synonyms for куманды

naja    0.930096

меркит    0.922489

оргу    0.921234

кыдырша    0.910762

коткор    0.909911

кереит    0.906065

шүкүр    0.903923

төөлөс    0.902257

vipera    0.902184

телеут    0.901420

Top 30 analogous words or synonyms for куманды

Article Example
Актондуу, урук Тондуу уул - асырап алынган бала; тонсуз уул - өз бала. Этнонимдин параллели өзбек-коңураттарда “ак тонлы” формасында учурайт. Алтайлыктардын курамында (куманды, тубалар) “тон” аттуу чакан уруулар бар экени белгилүү.
Шорлор Хакас жана Түндүк Алтайлык (куманды, челкан ж.б.) тилдер менен тектеш диалектилерде сүйлөшөт. Шорлордун этногенезинде түрк, кет, самодий, угор компоненттери катышкан, бир бөлүгү хакастардын курамына жуурулушкан. Изилдөөчүлөрдүн пикирлерине караганда, шорлордун этностук тарыхында кыргыздардын ээлеген орду зор. Уруулук курамында да кыргыздар менен этногенетикалык жалпылыктар байкалат. Шорлордун негизги чарбачылыгы аң
Алтайлыктар Алтайлыктар - Россия Федерациясынын Тоолуу Алтай жана ага чектеш аймактарда жашаган түпкү калкынын аталышы. 20-к. адабияттарда «ойроттор», «ак калмактар» деген ат менен да белгилүү болушкан. Алтайлыктар - аймактагы этностун шарттуу аталышы. Бүгүнкү күндө илимде алтайлыктардын түндүк жана түштүк этнографиялык топтору бар экендиги маалым. 20-к. чейин түндүк алтайлыктар «черневые татары» («токой татарлары») деп аталышкан. Бул этнографиялык топко тубалар, куу кижилер же челкандар, кумандылар кирет. Түштүк алтайлыктар 20-к. чейин ак калмактар (белые калмыки), тоолуу, бийскилик калмактар деген аттар менен белгилүү болушкан. Бул этнографиялык топко алтай кижи, теленгиттер, телес, телеуттар, маймалар кирет. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө түштүк алтайлыктар чыгыш хунну тобундагы кыргыз-кыпчак бутагында сүйлөшөт. Бул жобо алтайлыктардын этностук тарыхындагы, этногенезиндеги кыргыздардын үстөмдүгүн чагылдырат. Калктын жалпы саны 60 миңден ашуун. Түндүк жана Түштүк этнографиялык топтор антропологиялык, тилдик өзгөчөлүктөргө ээ, ошондой эле жашоо образында, руханий маданиятында чарба жүргүзүүнүн ыкмаларында бир катар айырмачылыктар бар. Түштүк Сибирь (Туран) расасына киришет. Тоолуу, токойсуз аймактагы түндүк алтайлыктар аңчылык, балыкчылык кесипке көбүрөөк маани беришсе, түштүктөгүлөр болсо көчмөн, жарым турукташкан көчмөн турмушка ык алышкан. Чарбалык-маданий типтердин айырмасы табигый географиялык шарттарга байланышкан. Түндүк алтайлыктардын антропологиялык тибинде угрофинн, самодий элементтери да байкалат. Бул аймакты эзелтеден түрк, теле, кыргыздар мекендеп келишкен. Муну алтайлыктардын курамындагы тодош (төрдөш), телес (төөлөс) ж.б. этнонимдерден байкоого болот. Тоолуу Алтай Кыргыз мамлекетинин жана кыргыздардын экономикалык жана саясий кызыкчылыктары маанилүү аймактардын биринен болгон. 5-18-кк. баш чендерине чейин аталган чөлкөм аркылуу кыргыздардын кыштымдарынын чек аралары өткөн. Негизинен алтайлыктар кыргыздарга кыштымдар (түбөлүк салык төлөөчүлөр) болушкан. Атактуу кыргыз журт башчысы, мамлекеттик ишмер, таанымал аскер жетекчиси Еренак-бек 1687-ж. Телес көлүнүн жанындагы монголдор менен болгон салгылашууда курман болгон. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде Тоолуу Алтайдын аймагында орто кылымдардагы Кыргыз мамлекети (Монгол жана Кытай Алтайын бирге алганда) жашаган. Кыргыз-алтай этностук жалпылыктарын уруу-урук аталыштарындагы (этнонимдер), эн тамгалардагы, жер- суу аттарындагы, материалдык жана руханий маданияттын үлгүлөрүндөгү жалпылыктар чагылдыра алат. Кыргыз жана түштүк алтайлыктардын тилдери 10-к. кыпчакташуу процессине кабылышкан. Тоолуу Алтайда орто кылымдардагы кыргыз жазуу ж.б. эстеликтер арбын кездешет. Этнонимиялык параллелдер этногенетикалык жана этномаданий терең алакаларды туюнтат: кыргыз - кыргыз (алтай кижи), саруу - жети сары (алтай кижи), саруу - сарык, жарике (саяк) - йарык (алтай кижи), кабели (бугу) - кобалы (алтай кижи), мурат (басыз, саяк, чекир саяк) - мерет (алтай кижи), найман - найман (алтай кижи), азык (төрт тамгалуу азык уруусу) - төрт ас (теленгит). кара найман (найман) - кара найман (алтай кижи), моңолдор - могол (алтай кижи), могол (оргу) - могол (алтай кижи), меркит (дөөлөс) - меркит (алтай кижи), муркут (дөөлөс) - меркүт (алтай кижи), коткор мундуз (мундуз) - кочкор мундуз (алтай кижи, туба кижи), туба (саруу) - туба кижи, мундуз - мундус (алтай кижи, туба кижи), зулум мундуз (мундуз) чулум мундуз (мундус), чулум кашка (дөөлөс) - чулум мундус (мундус), сакалды (кушчу) - сагал (алтай кижи, теленгит), төрт таз (солто) - дорты (теленгит), сарттар (адигине уруулук тобундагы уруу) - сарт (алтай кижи), чулман (дөөлөс) - чалман (телеут), кара тон (жедигер) - тон (алтай кижи), кара чоро (генеоним) - чорос (алтай кижи), дөөлөс (төөлөс) - төөлөс (теленгит), ак тонду (басыз) - тон (куманды), улаан (коңурат) - улан (куманды), кебек (дөөлөс) - көбөк (телеут), кара сакал (баргы) - кер сакал (куманды), калдар (тейит) - каал (алтай кижи), куран найман (найман) элик (алтай кижи), туума тукум (найман) - тумат (алтай кижи, телеут), тогуз (багыш) - тогус (туба кижи), татар (муңгуш) - татар (алтай кижи), таздар (нойгут) - тастар (куманды), төрдөш (кытай) - төдөш (алтай кижи), кара төөдөш (алтай кижи, телеут), жакшылык (бугу) - чакшылык (куу кижи), көкө найман (найман) - көгөл найман (найман), байат (тейит) - байат (теленгут), ак кийиз (саруу) - кийис бөрүк (туба кижи) ж.б.у.с.
Буура II Буура II кыргыз тилинде «буура» - тукумдатуучу төө маанисин аныктайт. Караханийлер мамлекетинде «буура» тотем-жаныбар болгондугун аныктаган фактылар бар. Термин кыргыздардын байыркы шаман дини менен болгон байланышын аныктап турат. Кызыктуусу, түркмөндөрдө «пыр хан» - учурда «бакшы» (шаман) маанисин туюнтат. Буура - алтай кижи жана телеуттарда курмандыкка чалынуучу жаныбарды аныктаса, монгол жана якуттарда - «бугу», сойоттордо - (тувалар) «багыш» маанисин билдирет. Буура (пура) - алтайлыктардын шамандарынын диний лексикология- сында кенен пайдаланылган термин болгон. Алтай түздүгүндөгү жана Тоолуу Алтайдагы телеуттардагы шамандар бул термин менен кансыз (муунтулуп өлтүрүлгөн) курмандыкка чалынган жылкынын жана анын көрүнбөгөн көмүскөлүү шеригин аташкан экен. Түндүк алтайлыктарда (теленгит, куманды, челкандар) «бура» ыйык духтардын жана Кудайлардын мингич атын аныктаган. Көк Теңир «бураны» шамандарга жардамчы, колдоочу иретинде жөнөтүп турат имиш. Айрым шамандар диний ритуал учурунда «буранын» жардамы менен «көк асманга» көтөрүлүп турушкан. Шор, куманды, түндүк телеут, качин, сагай шамандары бураны (пура) башкы жардамчы жана колдоочу катары билишип, аны бул дүйнөдөгү өзүнүн өмүрү, жашоосу менен бир карашкан. Бул фактылар шаманизмдин Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде тарыхый-этностук, маданий бир кыртышта өнүккөндүгүн ырастайт. Бура - шаман дининде үч функцияны аткарган: 1. Тын бура («тирүү» же «кайрадан өлүп-тирилген бура») - шаманга жеке таандык болгон өзгөчө буура. Көк Теңир менен сүйлөшүү учурунда шамандын түгөйү, колдоочусу катары милдетин аткарган; 2. Таг бураны - шаман Улген кудайынан жамаат сыйынган ыйык тоо аркылуу кабыл алган жана анын элеси шаман бубенине түшүрүлгөн; З. Чар буранын - (жер бура) - бубенге элеси түшүрүлүп, шаман тарабынан көпчүлүккө көрсөтүлбөй, жашыруун колдонулган. Негизинен, буура - жер менен Көк Теңирдин ортосундагы шамандын мингич аргымагын элестетип, шаман лексикологиясында Кудайлар, духтар менен бууранын ыйык, касиеттүү байланышын чагылдырат (жаныбардын териси капталып жасалган бубен шамандын мингич аргымагынын функциясын аткарган). Исламдын таралышы менен бул диний термин күндөлүк колдонуудан чыгып, урук (уруу) аталышы катары сакталып калган. Бууралар - кыргыздын дөөлөс уруусунун курамындагы урук катары белгилүү.
Алтай тили Алтай тили - (1948-ж. чейин ойрот тили) Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Тоолуу Алтай автономиялык облусунда жашаган жергиликтүү элдин тили. Алтай тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик топтордон жана түндүк, түштүк болуп бөлүнгөн 2 чоң диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба, куманды, чалканды; түштүк диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. Алтай тилинин түштүк диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кылымдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили менен бир классификациялык топту түзөт. Лексикалык, фонетуулган, грамматикалык белгилери боюнча кыргыз тилине өтө жакын. 19-кылымдын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-ж. миссионерлер түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-ж. алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок кайрадан 1938-ж. орус графикасына өтүшкөн. Алтай тилинде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, п, у, ү), 6 созулма үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) жана 26 үнсүз тыбыш бар. Алтай тилинде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында монгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп.