Top 10 similar words or synonyms for иштелиши

бергсон    0.873228

гипотезаларды    0.843656

принципиалдуу    0.837319

константа    0.837010

айкындыгы    0.831400

баалоочу    0.827040

мүнөздөлүшү    0.826682

интуиция    0.826471

эмоционалдуу    0.826162

трансфиниттик    0.824284

Top 30 analogous words or synonyms for иштелиши

Article Example
Этиш Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон ниетти тилекти билдирген этиштер максат-ниет ыңгай деп аталат.
Этиш Кыймыл- аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат.
Интонация Интонация — текстти угуучуга жеткирүүдө айтуучунун ага эмоциялуу-экспрессиялуу маани берүү үчүн жана сүйлөмдөрдүн синтаксистик курулушун көрсөтүү үчүн айтуучунун речинин ыргактык-обондук жактан иштелиши. "Манас" эпосундагы И-нын тутумдук элементтери төмөнкүлөр болуп саналат: 1) речтин обондуулугу, мында чыгарманы угуучуга жеткирүүдө ырдалган, ыр менен аткарылган ырдын бөтөнчөлүгү. Маселен, суроолуу, илептүү, жай сүйлөмдөр деп кийин бөлүштүрүлүп, тыныш белгилери коюлган өзгөчөлүктөр манасчылардын И-сында байыртадан эле болуп, сакталып келген. Мисалы, Карагул Алмамбеттин алдынан чыгып, анын сырын тартуу максатында мындай суроолор менен кайрылат:
Көңүлдүн бөлүнүштүүлүгү Көңүлдүн бөлүнүштүүлүгү – бир эле убакта ар түрлүү ишмердүүлүктүн объектилерин сезимге кармап туруучулук жөндөмдүүлүк. Демек Көңүлдүн бөлүнүштүүлүгүүк касиети бул адам жумуш аткарып жаткан кезде анда ыкылас коюп ой топтоонун бир гана эмес, бир эле убакта эч болбогондо эки тоомчекити бар экендигин билдирет. Көңүлдүн бөлүнүштүүлүк касиети окуучунун окуу ишинде эң башкы роль ойнойт. Анткени окуучуга бир эле убакта ар түрдүү мүнөздөгү аракеттерди ишке ашырууга туура келет. Мугалимдин айткандарын угуп кабылдайт, материалдын кээ бир фрагменттерин жазып белгилейт, маалыматарды канчалык туура түшүнүп жазып жаткандыгын текшерип ж. б. Бул аракеттердин бир мезгилде параллель иштелиши, албетте көңүлдүн туура бөлүш-түрүлүшүн талап кылат.
Донелайтис Кристионас Донелайтис Кристионас (1. 1. 1714, азыркы Литва , Радвилишкис району, Лаздинеляй – 18. 2. 1780, Тольмингнемен, азыркы РФ, Калининград облусу, Чистые Пруды) – литва акыны, литва көркөм адабиятына негиз салуучу. 18-кылымдагы Европа адабиятындагы реалисттик багыттын өкүлү. Кёнигсберг университетин (1740) бүтүргөн. Донелайтистин чыгармасы өз учурунда кол жазма түрүндө таралган. Ал 6 тамсил (1824-жана башкаасылган) жана атактуу «Жыл мезгилдери» (1818-ж. жарыяланган) поэмасынын автору. Социалдык мааниси, реалисттик принциптердин жеткилең иштелиши, көркөм образдардын күчү боюнча Донелайтистин «Жыл мезгилдери» – дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрүнөн. Поэманы И. В. Гёте, А. Мицкевич жана башка жогору баалаган. Поэма чет тилдерге которулган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк советинин чечими менен Донелайтистин туулган күнүнүн 250 жылдыгы белгиленген (1964).
Мотивдөө Мотивдөө, мотивировка – жазуучу каармандардын иш-аракеттерин, чыгармадагы негизги окуялардын натыйжасын көрсөтүү үчүн башка иш-аракеттерди, окуяларды психологиялык жактан ишенимдүү сүрөттөө процесси, эволюциялык абал. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин финалында Сейде өз күйөөсүн душман катары кармап берет. Анын ошол абалын мотивдөө үчүн автор Тотойдун уюнун уурдалышы, алардын чиедей жетим балдарынын оор абалы, өзүнүн жекече турмуштук активдүү позициясынын ойгонушу, Ысмайылдын уурдалган уйдун этин алып келиши жөнүндөгү эпизоддорду киргизген. Дал ошол Мотивдөөнүн натыйжасында гана Сейде жогорудагыдай чечкиндүүлүк жасоого чейин көтөрүлөт. Ошентип, Сейденин бетме-бет чыгып, Ысмайылды кармап беришине окуучу толук ынанып калат, эң туура болду деп, Сейдени колдойт. Мотивдөөнүн жоктугу, чала иштелиши чыгарманы ишенимсиз көрсөтөт.
Тотемизм Аны атайын Чубак үчүн багып, даярдап жүргөндүгү баяндалат. Манас атасы Жакыпка тарынып кетип, ак сакалчан Кызыр менен эгин айдаганда ал Манаска Карача кандын жылкысында баатырга ылайык тулпар туулганынан кабар берет. Тотемдик көз караштардын калдыктарынын бир көрүнүшү катары жылкы, төөнүн пирлерин, алардын кысталыш учурда ээлерин коргоп жардам бергендигин көрсөтсө болот. Ошондуктан, эпикалык баатырлар Манас көчкөндө, душмандарды жеңгенде ырымдап жылкы атап, Камбарбозду курмандыкка чалышат. Демек, малчылык менен оокат кылган адамдар үйүрдөгү мыкты жылкыларын Камбар ата, Камбар боз деп атоо салтка айланып калган. Мына ушундай эле түшүнүктү, тотемдик колдоочулукка ишенүү салты төөгө, уйга, койго таандык кылып сүрөттөө мотиви эпостук окуялардын жүрүшүндө көп эле жолу жолугат. «Манас» эпосунда Акбалтанын талаадагы жайылган төөлөрүн карап жүрүп, төл малы «Ойсул ата куу каймалдын өркөчүнөн Чубакты табышын» баяндаган эпизод жана Кызырдын атайы Манасты тосуп туруп, ага желгенине жел жетпеген, басканына мал жетпеген «булуттай учуп сыдырган, төгөрөктүн төрт бурчун, төрт күн койбой кыдырган», «кырк асый Желмаянды тартууга беришин чагылдырган окуялар баатырдын төрөлүшүн, негизги каармандардын башка каармандардан айырмаланган мүлккө, колдоочулукка ээ болушун фантастикалык маанайда сүрөттөө гана эмес, ошондой эле тотемдик ишенимдер менен эпикалык каармандардын ортосундагы өтмө катар байланышты да чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эпостогу терс каарман Эсенкандын Манас баатырдын колунун келе турган жолуна куу кулжа, куу түлкү жана куу өрдөктү кароол коюшу жана зоогонистикалык жана антропоморфтук касиеттердин эриш-аркак берилиши, алардын өзгөчөлүктөрү кандайдыр бир деңгээлде тотемдик ишенимдердин натыйжаларынын көркөм иштелиши катарында кабыл алынат.
Ыбырайым Абдыракман уулу Ыбырай Абдыракман уулунун варианты баарыдан мурда "Манас" үчилтигинин үч бөлүмүнүн тең ичинде айтылып келе жаткан салттык окуяларын бүтүн камтышы, ошол окуяларды артык баш кайталоолорсуз жыйынтыктуу так бериши менен баалуу. Ыбырай Абдыракман уулу ошондой эле көркөм каражаттарды ыктуу пайдалана билген. Ал каармандардын портретин, кыял-жоругун, курал-жарак, ат-тонун, согуш учурун, пейзажды сүрөттөөдө өзүнөн мурда салт катары айтылып келе жаткан ыр саптарынын жеткилең иштелген, орошон көркөм жерлерин кылдат тандап колдонгон. Ыбырай Абдыракман уулу жазып тапшырган үчилтиктин биринчи, экинчи бөлүктөрү калк ичинде эреже катары бир калыпка түшкөн негизги окуяларды сактоо менен сюжет жагынан башка варианттардан анча айырмаланбайт. Мындагы негизги өзгөчөлүктөр айрым окуя, мотив, образдардын өз алдынча талкууланышынан байкалат. Ал эми анын жазып тапшырган "Сейтеги" "Манас" эпосунун бул бөлүмүнө таандык окуялардын дээрлик баарын камтышы, сюжетинин татаалдыгы, жеткилең иштелиши менен колдо бар варианттардын көпчүлүгүнөн айырмаланып турат. Ыбырай Абдыракман уулунун "Сейтеги" бардык варианттардагыдай эле Айчүрөктүн Кыястын колуна түшүп кетиши жана анда жүрүп Семетейден үч айлык боюнда калган Сейтекти төрөшү, аны Кыястын кастыгынан ар түрдүү амал-айла менен сактап, аман өстүрүшү менен башталат. Эр жеткен Сейтек ата-тегин угуп, кулдукта жүргөн Күлчорого кошулуп, аны дарыгер Кызылсарттын жардамы менен айыктырып, Айчүрөк Тоотору атын алдап сурап алып, жөө калган Кыясты жеңип, атасы Семетейдин өчүн алышы, андан Таласка келип, Канчоро, Чачыкейди өлтүрүп, атасынын ордун ээлеп, эл-жерине бейпил турмушту орнотушу да айрым бир мотивдердеги, деталдардагы айырмачылыктарды эске албаганда башка варианттарга окшош. Мунун өзү "Сейтектин" аталган эпизоддору эл ичинде узак мезгилдер бою айтылып, улам такталып, туруктуу бир нукка ээ болгонун көрсөтөт. Жалпы эле элдик эпостордо — "Сейтекте" сүрөттөлгөнгө жакын, окшош окуялардын орун алышы салттык көрүнүш. Ал учурдагы абал канчалык оор болсо да келечекке оптимисттик менен караган, зордукчул күчтөр убактылуу үстөмдүк кылса да акыры жүрүп адилеттик кайра ордуна келип, салтанат курарына ишенишкен. Ошондуктан, элдин оозеки чыгармачылыгынын көптөгөн үлгүлөрүндө оң каарманга каршы турган тескери күчтөрдүн бардыгы жеңилип, окуя бактылуу аяктайт жана жыйынтыкталат. Натыйжада, чыгарманы мындан нары улантуунун зарылдыгы жок. Жалпы эпосторго мүнөздүү ушул салт боюнча "Манас" үчилтиги да Сейтектин Канчоро, Кыясты өлтүрүшү, баштатан келе жаткан сөөк өчтү тышкы, ички душмандар бүтүндөй жок болуп, эл тынч, бейпил турмушта жашай башташы менен чыгарма жыйынтыкталып, акырына чыккан катары токтолууга тийиш эле. Чыдыгында "Манас" эпосун так ушул жерден бүтүргөнү "Сейтектин" ушуга чейинки окуялары туруктуу эрежеге айланып, сюжети бардык варианттарда бирдей мүнөзгө ээ болушу жана кээ бир варианттарда окуянын, атап айтканда дал ушул жерде бүтүшү көрсөтүп турат. Ырас, бир катар варианттарда окуя андан нары улантылып айтылат.
Анимизм Анимизм (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкалар сыйынышкан. Ошолордун эгесине арнап курмандык чалышкан. Анимисттик ойлоонун элементтери «Манас» эпосунда да орун алган. Анимизмдин негизги жоболорунун бири асман, жер жана суу эгесине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү. Манастын төрөлүшү Жакыптын Теңир эгесине бала сурап жалынуусу жана ага арнап мал союп курман чалуусу менен мотивдештирилет. Каармандар бири-бирине болгон ишеничти, актыкты, берилгендикти далилдөө жана душмандар менен согуштарда жеңишке жетишүү үчүн Теңирлерге табынышат. Ошол себептен сюжеттик окуянын өнүгүшүндө, каармандардын мүнөзүн берүүдө «төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деген ишеним кайталанып отурат. Каармандардын ой-тилегинин ишке ашпай калышы, согуштан жеңилиши, айрым жаңылыштыктары да Теңирдин каргышы менен байланыштырылат. Эпостун «Манас» бөлүмүндөгү мындай архаикалык ишенимдер «Семетей» менен «Сейтекте» улантылат. Ааламды үч баскычка, үч башка дүйнө, жашоо катары түшүнүү адаты да анимисттик аң-сезимдин бири болуп саналат. Атап айтканда жер асты, жер үстү жана асман мейкиндигине адамдардын жашоосунун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү байыркылык ой-пикир «Манас» эпосунда образдардын бири Эр Төштүктүн окуяларына байланыштуу чагылтылат. Адам денеси менен жанынын айырмачылыгы, жандын түбөлүк өлбөстүгү, анын башка формада жашашы өңдүү түшүнүктөр да анимисттик ойлоонун табигый жемиши. Жакып уулу Манастын «чымындай жанынын амандыгын тилеши», Бооң аяр менен болгон урушта (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) Ошпур анын кардын канжар менен жарса, кан ордуна суу чыгып, түтүн бөлүнүп, башын денесинен ажыратып, атка сүйрөтсө да жан чыкпай, атүгүл Бооңдун кесилген башы сүйрөгөн дененин артынан ээрчиши тек гана Ырдык аярдын дуба окуганында «көк түтүн чыгып буркурап, азыр турган токсон миң, түтүнүнөн көрө албай жүдөп чуркурап» (Сагымбай Орозбаков, 2.114) турушун баяндаган окуялар эпостогу анимизмдин белгилери болуп саналат. Анимисттик ойлоонун өзүнчөлүгү катарында же бул көрүнүштүн руху жөнүндөгү түшүнүктөрдүн иштелиши жана ошого байланыштуу кыялый образдардын да орун алышын көрсөтүүгө болот. «Манас» эпосундагы монументтүү эпикалык баатырды колдоп жүргөн, багыт берген, душмандардан, түрдүү кырсыктардан сактаган пирлер Кырк чилтен, Кыдыр, Баба Дыйкан, Ойсул-Ата, Камбар-Ата, Шаймердендер анимизмдин эпостун образдык системасына, идеялык өзөгүнө, көркөмдүүлүгүнө бир кыйла таасир эткен. Эпостогу анимисттик аңсезимдин мыйзам ченемине ылайык бул фантастикалык-мифтик портреттик мүнөздөмөлөрү сырткы көрүнүшү, аткарган милдеттери боюнча биринен бири кыйла айырмаланып турат. Эпикалык баатырлар Алмамбет менен Чубактын жана башкалар элесин, монументтүүлүгүн жаратууда да анимисттик катмар, образдар жана түшүнүктөр ийкемдүү түрдө кызмат кылат. Эпостун «Семетей» бөлүмүнүн негизги окуяларынын дээрлик бардыгында Кызыр, Кырк чилтендин колдоочулук кызматы көрүнөт. Каныкейдин Тайторуну чабышында анын биринчи келиши, Семетейдин Таластын суусун кечиши, Күлчоро Кара-Үңкүрдө түнөп калганда өзүнчө аян бериши сыяктуу эпизоддордо да анимизмдин көрүнүштөрү чагылдырылат. «Сейтек» поэмасында мындай анимисттик демонологиялык образдар, түшүнүктөр айрым гана окуялардын тутумунда берилип, пассивдүү катышат. Эпостогу салттык мотив боюнча жаңы төрөлгөн Сейтекке эч ким ылайыктуу ысым коё албай турганда Кызыр ат коюп берет. «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү Айчүрөктүн түпкү теги, Семетейдин кайып болушу жана Желмогуз уулу Сарыбайдын окуяларын баяндаган эпизоддорду да анимисттик ойлоонун туундусу катары эсептөөгө болот.