Top 10 similar words or synonyms for жазмадагы

жазманы    0.844229

жазмаларын    0.830283

өнөрчүлүктү    0.824330

салууларына    0.820257

өнөрчүлүккө    0.817563

жазманын    0.816131

тийгис    0.815225

жазмаларды    0.804746

өнөрчүнүн    0.801603

жазмалардын    0.792800

Top 30 analogous words or synonyms for жазмадагы

Article Example
Тамим ибн Бахр Мутавва'и Тамим ибн Бахр Ысык-Көлдөгү Барскан шаарын “Жогорку Барскан” деп белгилеген (анын арапча жазмадагы маалыматындагы “Барсхан” деген жер аталышын айрым мусулман географтары туура эмес жазып, Нушажан деген тарыхта жок топонимди сунушташкан).
Мажму ат-таварих чыгармасындагы "Манас" эпосунун сюжети Башка элдер менен согушуп жүргөн Токтомуштун жоктугунан пайдаланып, Жолой солон-шибээлерди баштап Кара-Кыштак, Манасия шаарларына жортуул жасайт. Манас Аңги төрөнүн жардамы менен калмактарды кайра сүрөт. Жолойдун дагы бир чабуулу Токтомуштун жардамы менен токтотулат. Бул жолу да жеңилип калган Жолой Манасты уулантып өлтүрүүнү чечип, Тубай (балким Түбөй) деген чыккынчыга өз кызын алып берип, беш калмакка башчы кылып Манаска жумшайт. Ал «Туткундан качып келдим», — деп Манасты ишендирет да, ыгын келтирип уулантат. Манасты өлүмдөн ууга каршы дары берип Сейф Жалал ад-Дин аман алып калат Эки ай өткөндө Жолой Кара-Кыштакка чабуул коёт, Манаска Кара кожо, Каңбай баатыр жардамга келет. Бирок, Жолойду жеңе алышпайт. Аңги төрө жиберген анын уулу Мухаммад бек колу менен келип, чоң согушта Жолой өлөт. Согуш токтоп, Манас Кара-Кыштакка кайтат. Кол жазмадагы Манастын өзүнө тиешелүү маалыматтар ушуну менен бүтөт, анын өлүмү, тукумдары жөнүндө эч кабар айтылбайт.
Мажму ат-таварих чыгармасындагы "Манас" эпосунун сюжети Кол жазмадагы маалыматтардын ичинен «Манас» менен түздөн-түз тиешеси бар эпостун белгилүү болгон кийинки тексттеринин дээрлик бардыгында орчундуу мааниге ээ, туруктуу өзөк окуялардын бири катары орун алган чоң эпизод «Көзкамандардын окуясы». «М. а.т-те» да, «Манастын» варианттарында да маалыматтын өзөгүн түзгөн окуя Манас баатырды кастык ой менен өз тууганы уулантышы. Деталдык белгилери боюнча эки материалдын арасында бир катар айырмалар бар, бирок жалпы нук, негизги схема экөөндө тең бир жана бир булакка негизделгендигинде шек жок. Мисалы, Манасты уу берип өлтүрүп кел деп Жолой жумшаган Тубайдын өзү туткундагы адам, түбү кыргыз. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кытайдын башкы каны Карыкан Манасты өлтүрүп келгиле деп жиберген Көзкаман, Көкчөкөздүн да теги кыргыз, колго түшкөн туткундагы кулдар. Жолой Тубайга өз кызын алып берип, калмактарга баш кылып, анан жиберет. Карыкан да Көзкамандарга Манастын көзүн тазалап келсеңер «алтын таажы кийгизип, алтын такка мингизип, Чоң Бээжиндин кандыгын берем», — деп убада кылат Ырас, Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкамандарга Карыкан кызын бергени айтылбайт, бирок Манаска каршы аттанган Көзкаман, Көкчөкөз, Желтийбес, Чаңдууаяк, Орозон бешөөнүн ар биринен тогуздан уулдары бар, демек алардын аялдары калмак, бекеринен Көзкамандарды Каныкей алар калмак, калмак да тууган болмок беле деп эсептебейт. Эки материалдагы орчундуу айырмачылык — кол жазмада ууландырууну калмак Жолой, ал эми эпостун вариантында кытай каны Карыкан жибергени. Бирок, бул фактыны чоң айырма дешке да болбойт. Анткени, эпос боюнча экөө тең кыргыздардын салттуу эпикалык душмандары. Анын үстүнө «Манаста» адат катары калмак менен кытайлардын арасы так ажыратылып, чек коюлбайт, аралаш айтыла берет. Буга Көзкаман, Көкчөкөздөр жөнүндө сөз жүрүп жатканда алар манжулар, кыргыздарды чапканда кара калмактардын колуна түшүп кеткен кулдар эле дегендик да күбө. Ал эми кол жазмадагы Жолойдун Карыканга, Тубайдын Көзкаманга айланып айтылуусу эпосто адаттагы көрүнүштөрдөн. Буга Манастын теги ар башка айтылуусунун өзү да күбө. Манас баатырдын ууланышы жөнүндөгү окуянын бүтүшү да эки нускада көп жагынан бири-бирине жакын: Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манасты жалгыз өз үйүнө чакырып келишкен Көзкамандар ага уу беришет. Баатырды өлүмдөн Акаярдын жардамы менен аны ала качкан Каныкей сактап калып, Кайыпчынын зоосундагы үңкүргө алып барып багат. Өлүм алдындагы Манасты Багдаддан атайын алдырып келген дары менен дарылап айыктырат. Кол жазма боюнча ууланган Манасты катуу дарттан Жалал ад-Дин шейх атайын издеп барып дарылап айыктырат. Эпостун варианттарындагы касиеттүү шаарлар Мекке, Мисир, Багдаддан издетип жүрүп таап келген дары менен айыктыруусу касиеттүү шейхтин өзү атайылап издеп келип айыктырууга үндөшүп турганы күмөнсүз.
Кара кытай К. к-лардын "Манас" эпосунда эпикалык душман катарында чагылгандыгына колубузда болгон анын көптөгөн варианттарына караганда 16-кылымдын башында жазылып калган "Мажму ат-таварих" кол жазмасы көбүрөөк ишенимдүү маалыматтарды берет. Кол жазмадагы Манас баатыр жөнүндөгү окуялар менен кыргыз уруулары тууралуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар эпостун тарыхый жана анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча маанилүү фактыларды берет. "Мажму ат-таварих" боюнча Манас баатырдын негизги душманы Жолойдун тарабында солон, шибе элдери катышкандыгы айтылат. "Манас" эпосунун кийинки варианттарында да кыргыздын башкы душмандары болгон калмак-кытайлар жаатында солон, шибе деген элдин өкүлдөрү катышат. Демек, солон, шибе деген конкреттүү элдердин ысымдары салттык түрдө сакталып келатышы да бекеринен эмес. Бул элдердин өткөндөгү тарыхы да К. к-лар менен байланышат. Мына ошол "Мажму ат-таварихте" сүрөттөлгөн Жолой менен К. к-лардын башчысы Елюй Да-шини бир адам деп эсептөөгө болот. К. к-лардын негизги бөлүгү (жаңы келишкенде) азыркы Түн. Кыргызстандын аймагына жайгашып калышкан. Алардын калдыгы "кара-кытай", "кытай" деген ат менен кыргыз элине кошулган. Чаткал кыргыздарынын арасында "кара-кытай" уруусунун басымдуу болушу бекеринен эмес, уламыштарга караганда алардын Чаткал өрөөнүндө Күлбөскан деген башкаруучусу болгон экен. Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп турган кезде (9—10-к.) баскынчылык кылган К. к-лардан жапаа тартышы, быты рандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Шажара-ий насаб-наме-ий илатийа «Шажара-ий насаб-наме-ий илатийа» («Көчмөн элеттиктердин санжырасы») –19-кылымга таандык кыргыз тилинде жазылган кол жазма. Узундугу 3,13 м, туурасы 10,5 см келген түрмөктөлгөн кагазга жазылган. Сейрек кездешүүчү табылга, кол жазманын бир жак бетинде курандын аяттары өтө кылдаттык менен жыш саймадай кооз түшүрүлгөн. Экинчи бетинде сарыбагыш уруусунун манаптарынын бири Байгазы баатыр Мусаке уулунун түпкү аталары төмөндөгүдөй тартипте берилген: «Ак уул бий, анын перзенти Тагай бий, анын перзенти Кылжыр бий, анын перзенти Дөөлөс бий, анын перзенти Сүтөй бий, анын перзенти Сарысеит бий, анын перзенти Үчүкө бий, анын перзенти Мааматкул бий, анын перзенти Болот бий, анын перзенти Эсенгул баатыр, анын перзенти Ниязбек бий, анын перзенти Субан баатыр, анын перзенти Мусаке баатыр, анын перзенти Байгазы баатыр». Санжырада Ак уулдан Долон бийге чейин 14 ата жана Долон бийден Шейх Мансурга чейин 10 атанын ысмы келтирилген. Кыргыздардын түпкү атасы катары көрсөтүлгөн Шейх Мансур суфизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. 897-жылы Шейх Мансур ал-Халлаж өзүнүн шакирттери менен Түркстан жерине келип, көчмөн урууларды ислам динине тарткан. Айрым кыргыз изилдөөчүлөрүнүн ырастаганына караганда, Шейх Мансур жөнүндөгү уламыштар ошол мезгилдеги Түркстан аймагын байырлаган көчмөн урууларда сакталып калган жана кийинчерээк кыргыздардын оозеки санжыраларына өткөн. Кол жазмадагы санжыраны жазууда бизге чейин жетпей калган кол жазма санжыралардагы маалыматтар пайдаланылган. Кыргыз элинин 19-кылымдагы жазма маданиятын, генеалогиясын, кыргыз коомундагы ислам дининин ордун жана тарыхын изилдөөдө аталган кол жазма өтө баалуу булак болуп саналат.