Top 10 similar words or synonyms for дүма

NotFoundError    0.789

Top 30 analogous words or synonyms for дүма

Article Example
Александр Дүма Француз салты боюнча үйлөнсө да, Дума көптөгөн айымдар менен мамиледе болгон (болжолу менен кырктан ашык). Өз өмүрүндө, ал, кеминде никесиз туулган төрт баланын атасы болгон, бирок, жыйырманчы кылымдын окумуштуулары, Дүма дагы үч баланын атасы болгонун изилдеп чыгышкан. Ал, Александр Дүма уулун, өз баласы катары таанып, ага белгилүү жазуучу жана драматург болууга жардам берген. Алар Александр Дүма (атасы) жана Александр Дүма (уулу) деп таанымал. Өзүнүн мамилелеринен тышкары, 1866-жылы, Дүма өзүнөн эки эсе жаш, өз мансабынын туу чокусунда болгон америкалык актриса Ада Айзекс Менкен менен мамиледе болгон.
Александр Дүма Анын атасы, генерал Томас-Александр Дави де ля Пайетри, Франциянын колониясы Сан-Домингодо (азыркы Гаити) француз аристократтын жана кулчулукка алынган африкалык аялдын үй бүлөсүндө туулган. 14 жашка келгенде, Томас-Александрды атасы Францияга алып кетип, ал жерде ал аскердик академияга кирип, аскерге кошулуп, дал ушул жерден өзүнүн атак-даңкы чыккан мансабын баштаган.
Александр Дүма Александр Дүма (англ. Alexandre Dumas, /duːmˈɑː, djuː-/, фран. [alɛksɑ̃dʁ dyma], туулгандөгү аты Дүма Дави де ля Пайетри, (англ. Dumas Davy de la Pailleterie, [dyma davi də la pajətʁi]) 1802-жылы 24-июлда туулган - 1870-жылы 5-декабрда каза болгон) - француз жазуучусу. Анын чыгармалары 100гө жакын тилге которулуп, эң көп окулган француз жазуучуларынын бири болуп эсептелет. Анын кызыктуу окуя жанрында жазылган көпчүлүк романдары сериялар катары басылып чыккан, анын ичинде "Граф Монте-Кристо" (англ. The Count of Monte Cristo), "Үч мушкетер" (англ. The Three Musketeers), "Жыйырма жыл өткөн соң" (англ. Twenty Years After) жана "Виконт де Бражелон: Он жыл өткөн соң" (англ. The Vicomte de Bragelonne: Ten Years Later). 20-кылымдын башында анын романдарынын негизинде 200гө жакын тасма жарык көргөн. Дүманын өлүмүнө байланыштуу аягына чыкпай калган "Сент-Эрмин рыцары" (англ. The Knight of Sainte-Hermine) аттуу акыркы романы окумуштуу тарабынан толукталып, 2005-жылы басылып чыккан жана эң көп сатылган китептердин бири болгон. 2008-жылы бул чыгарма англис тилинде, “Акыркы кавалер” (англ. The Last Cavalier) аталышта басылып чыккан.
Александр Дүма Дүманын атасынын аристократтык наамы жаш Александрга Луи-Филипп, Герцог Орлеанскийлер менен иштөөгө жардам берген. Кийинчерээк, ал, жазуучу катары иштей баштайт жана тез эле ийгиликке жетет. Жылдар өткөн соң, 1851-жылы, Дүма, Луи-Наполеон Бонапарт шайланган кезде өз салмагын жоготуп, Франциядан Бельгияга качат жана ал жерде бир нече жыл жашайт. Бельгияга качкан кезде, Дүма, Италияга кеткенге чейин бир нече жыл Орусияда калат. 1861-жылы, Дүма, Италиянын биригүү аракеттерин колдогон "Эгемендүүлүк" (фр. L'Indipendente) аттуу гезитти негиздеп, басып чыгарат. 1864-жылы, Парижге кайтып келет.
Александр Дүма Бир нече жанрдын чебери болгон Дүма өз мансабын пьесаларды жазуу менен баштаган жана алардын баары ийгилик жараткан. Ал, ошондой эле, журналдарга көптөгөн макала жана саякат китептерин жазган; басылып чыккан эмгектердин жалпы көлөмү 100,000 бетти түзөт. 1840-жылы, Дүма Парижде тарыхый театр негиздеген.
Александр Дүма Дүманы, анын өмүрүнүн акырында таанып калган англис драматург Уоттс Филлипс Дүма жөнүндө мындай деп жазган: "Ал дүйнөдөгү эң берешен, кең пейилдүү адамы. Ал, ошондой эле, жер жүзүндөгү эң эле сонун жана өзүмчүл жандардан бири. Анын тили тегирмен сымал эле – кыймылдап баштаса, качан токтой тургандыгын билбейт элең, өзгөчө ал жакшы билген темаларда".
Үч мушкетер Жанры боюнча, "Үч мушкетер" романы тарыхый жана укмуштуу окуялуу роман болуп эсептелет. Ошондой болсо дагы, Дүма өзүнүн романынын сюжетинеде эски режимдин адилетсиздигин, зордук-зомбулугун жана маанисиздиктерин чагылдырган, ошону менен чыгармасына кошумчалуу Франциядагы республиканчылдар менен монархисттердин арасындагы катаал дебаттар учурунда болгон саясий көрүнүштү кошкон. Окуя биринчи жолу, июлдук монархия учурунда, 1844-жылдын март айынын июлга чейин сериялаштырылган, ал 1848-жылы орун алган француз революцясынан төрт жыл мурун болгон. Жазуучунун атасы Томас-Александр Дүма, француз революциячыл согуштары учурунда француз республикачыл армиянын белгилүү генералы болгон.