Top 10 similar words or synonyms for гедонизм

circle    0.939317

arrowrefresh    0.927850

progressive    0.926689

muñecas    0.924063

destructive    0.923056

росцелин    0.921081

arrowthick    0.920317

аныктык    0.917777

caucasus    0.917113

концепцияларда    0.916413

Top 30 analogous words or synonyms for гедонизм

Article Example
Гедонизм Гедонизм - (гр. hēdonē ыракат, жыргал) ыракатты адамдын жүрүм-турумунун жогорку максаты жана негизги жүйөөсү катары көрсөтүүчү этикалык багыт. Ыракатка умтулууну гедонизм адамдардын жүрүм-турумдарындагы негизги кыймылдаткыч күч деп эсептейт. Анткени андай аракеттер адамдарга жаратылыш тарабынан берилгендиктен, бардык кыймылдардын, иштердин баары күн мурунтан, алдын ала белгилеген болуп чыгат. Жакшылыкка умтулуунун себеби адам ар кандай азап чегүүдөн кутулуп, ыракат алууга далалаттанат, ал эми жамандыкта жапа чегип, мээнет тартып азаптанат. Гедонизмди байыркы Грекияда киреналык Аристипп негиздеген (ошол себептен аны «киреналыктардын философиясы» деп аташкан). Гедонизмдин эң өнүккөн формасы Эпикурдун окуусунда чагылдырылган. Гедонисттердин айтуусу боюнча изгилик, кайрымдуулук бул ыракаттанууга жөндөмдүүлүк. Бирок билимдүү, көрөгөч-көсөм, асыл ойлуу акылман адам гана туура ыракаттана алат. Байыркы гедонисттер шайыр мүнөздүү адамдар менен баарлашууну, же болбосо, нааразылык менен кеселден тышкары болууну жогорку ыракат деп санашкан. Гельвеций, Ламетри гедонист болушкан.
Натурализм Этикада натурализм 20-кылымдын моралы негизделген методологиялык принциптер үчүн моралдык түшүнүктөр, айрым алганда жакшылык адам болмушунун коомдук мыйзамдарынан келип чыкпайт, анын кээ бир табигый башаттан (космостун, органикалык дүйнөнүн, биологиясынын жана адам психологиясынын мыйзамдарынан келип чыгат). Этикадагы натурализмге гедонизм, эвдомонизм, утилитаризм, эволюционизм ж. б. кирет. Азыркы күндө да көпчүлүк мектептер моралдын түшүнүктөрүн табигый билимдердин түшүнүктөрүнөн жана антропология менен психологиядан алып чыгарышат.
Милдет Ал адамдын моралдык иш-аракетин мүнөздөгөн жоопкерчилик, абийир, уят, мотив сыяктуу түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуу. Милдеттин табиятын жана чыгышын талдоо К. Маркска чейинки этиканын тарыхында эң оор проблемалардын бири болгон. Анын негизин кудай осуятынан (диний мо­раль), априордук мораль паконунан («категориялык императив»), «адам табиятынан», жыргалга. бакытка умтулуудан (Гедонизм) издешкен.
Адам жашоосунун маңызы Адам жана маңызы – адамдын ишмердигинин негизин түзөт. Адам жашоосунун философиялык маңызы, гносеологиялык (таанып-билүүчүлүк) принциптери тарыхый өнүгүш процессинде ар түрдүү көз караштарды жараткан. Алардын айрымдары жашоонун максатын адамдын жеке жыргалчылыгына (гедонизм), өздүк-өзүмчүлдүк «Менине» (экзистенциализм), дене кумарына (фрейдизм), жана башка байланышта карашса, айрым окуулар Адам жашоосунун маңызы адамдын коомдо алган ордунан же ага кылган кызматынан, эмгектенүүсүнөн (марксизм) көрүшөт.
Бакыт (философиялык түшүнүк) Ошондуктан Бакытты айрымдары дене менен жандын жыргашы же керт башынын камын ойлоо десе (Гедонизм, утилитаризм), кээ бирлери бул дүйнөнүн ыракатынан безип, өзүн тиги дүйнөгө багыштоо (Аскетизм) деп билишкен. Бул маселе буларга чейин Индияда Будда окуусунда жеке жыргалдын абсолюту наркын азаптануу аркылуу тануу жана жакшы маанайда кечүү – чыныгы ыракатка-толук жымжырт тынчтыкка (келбес сапарга кетүүгө) алып келет деп түшүндүрүлгөн.