Top 10 similar words or synonyms for бытиеси

өлбөстүгү    0.900769

конкреттүүлүгү    0.871472

гармониясын    0.860969

табитин    0.859656

жөнөкөйлүк    0.858647

дьюи    0.857660

түшүнүүсү    0.857216

мазмунундагы    0.855892

шефтсбери    0.855180

жогорулашын    0.854751

Top 30 analogous words or synonyms for бытиеси

Article Example
Франк, Семен Людвигович Руханийлик, рух Франк үчүн философиянын эң маанилүү түшүнүгү. Рух — бул обьективдүү бытие, бирок обьектинин бытиеси катарында эмес, актуалдуу, толук калыптанып бүткөн, туруктуу реалдуулуктун бытиеси, бул реалдуулук өзүндө баалуулукту камтып турат жана биздин бүткүл психикалык турмушубузга маани берет.
Бердяев Николай Александрович Бердяевдин эмгектеринин негизги темасы — адамдын руханий бытиеси. Анын пикири боюнча, адамдын руху теңирлик рух менен тыкыс байланышкан. Анын окуусуна натуралисттик диний философиянын көрүнүшү болгон теизм менен пантеизм концепциялары карама-каршы турат.
Карсавин, Лев Платонович «Тарых философиясы» деген эмгегинде Карсавин тарых бытиеси жөнүндөгү өз идеясын өнүктүрөт. Ал «тарых ойломунун эң бийик максаты бүткүл космосту, бүткүл жаратылган бирбүтүндүктү бирдиктүү өнүгүп жаткан субьект катарында аңдап-түшүнүү» [77-6.] деп эсептейт. Мындай учурда тарых адамзаттын бүткүл мейкиндикке жана бүткүл мезгилге тиешелүү болгон бирдиктүү субьект катарында» [75-6.] өнүгүшү түрүндө чыгат.
Эриугена, Ёханн Скот Бул жерде көрсөтүлгөн дүйнөнүн картинасы, Эриугенанын түшүнүгү боюнча, динамизм менен мүнөздөлөт, анткени Кудайдын бытиеси дүйнөнү жаратуу процессинде кеңири ачылып көрүнөт. Дүйнөнүн бул картинасы орто кылым философиясында үстөмдүк кылган жана дүйнөнү Кудайдын эрки менен бир жолу жана түбөлүккө жаратылган жана Кудайдын эркине ылайык жашап турган көптөгөн нерселердин жыйындысы катарында караган креационисттик көз карашка карама-каршы турат.
Бытие Гегелдин системасында Бытие - духтун өзүн өзү таанышындагы өткөөл момент. Гегель Бытиени абс. духка шайкеш келген, ар дайым кыймылда турган, субъект формасында аң-сезимде чагылган иш-аракет объекти деп түшүнөт. Маркс философиясы Бытие жөнүндөгү маселени эки көз караштан талдайт: биринчиден, Бытие материя жана билимдин объектиси деп, аны ар түрдүү тармактарга ажыратат; экинчиден, коомдук Бытиени адамзат тарыхынын өнүгүшүндөгү социалдык практиканын натыйжасы деп, Бытиенин тарыхый өнүгүшү жөнүндөгү концепцияны кубаттайт. Марксизм коомго карата, "коомдук Бытие" деген терминди колдонот. Коомдук Бытие - материалдык дүйнө, практикалык турмуш. Табигат Бытиеси менен социалдык, Бытиенин өз ара байланышын түшүндүрүүдө диалектикалык материализм табигат Бытиесин биринчи деп билет. Илим менен техниканын өнүгүшүнүн натыйжасында гана адамдын таанып-билген дүйнөсүнүн чеги кеңейет. Маркс аң-сезим менен Бытиеге мындай аныктама берет: "Аң-сезим.. . - таанып-билген бытие, эч качан башка эч нерсе боло албайт, ал эми адамдардын бытиеси - алардын турмушунун реалдуу процесси" (Маркс К., Энгельс Ф., Соч. 2 изд., т. З, стр. 25).
Кант, Иммануил «Рационалдык теологияны» карап чыгууда Канттын Кудай бытиесин далилдөөлөрдүн ишенимсиздигин аныктап көрсөткөнү көңүл бурууга татыктуу, бул далилдөөлөр онтологиялык, космологиялык, физика-теологиялык далилдөөлөрдөн турат. Кудай бытиеси жөнүндөгү баардык далилдөөлөрдү жокко чыгарып, Кант акыл-эсти теологияга нагыз спекулятивдүү түрдө колдонууга болгон бардык аракет натыйжасыз бүтөт, ал эми аны жаратылышка колдонуу принциптери теологияга алып келбейт деген корутунду чыгарат. Кудай бытиесин далидөөлөрдү жокко чыгаруунун мааниси ал жокко чыгаруулар философияны ошол мезгилде Германияда күчтүү болуп турган теологиядан бошотууга жардам бергендигинде.
Лосский, Николай Онуфриевич Өзүнүн айлана-чөйрөдөгү дүйнө жөнүндөгү концепциясын Лосский идеалдуу реализм деп атайт, анткени, ал идеалдуу жана реалдуу бытиенин ортосуна айырмачылыкты киргизет. Идеалдуу бытие дегенибизге мейкиндик жана убакыт мүнөзүнө ээ болбогондордун баары кирет. Идеалдуу бытие жалпы түшүнүктөрдү камтыйт, алар: мамиле, мамилелер жана сандык формалар. Реалдуу бытие идеалдуу бытиенин негизинде гана пайда бөлөт. Мындан башка да Лосский металогикалык бытие түшүнүгүн киргизет, металогикалык бытие дегенибиз бирдейлик, карама-каршылык жана чыгарылып салынган үчүнчү жак мыйзамдарына баш ийбейт: бул Кудай бытиеси деген туюнтманы билдирет.
Ишрак Ишрак (арабча сөзмө-сөз жаркылдоо) – орто кылымдагы мусулман философиясында чындыкты материалдык дүйнө менен байланышсыз карап, аны жанга «кубат берүү» аркылуу интуиция менен түшүнүүнү туюндурган термин. Зороастризм менен неоплатонизм идеяларынын аралашмасы болгон ишрак окуусу орто кылымдагы мусулман өлкөлөрүндө чыгышка гана мүнөздүү деп каралып, логикалык жол менен ойлоого негизделген батыштын (аристотелдик) тааным теориясына карама-каршы коюлган. Ишрак дүйнө, анын бытиеси, кыймыл жана кооздук теңирдин эманациясы деген неоплатондук пикирди да колдойт. Ишрак философиясы толугу менен орто кылымдагы Ж. Чыгыш ойчулу Шихаб ад-Дин Сухравардинин трактаттарында баяндалат (12-кылым).
Булгаков Сергей Николаевич Булгаков диний аң-сезимдин үч жолун айырмалоого болорун баса белгилейт, алар: «абстрактуу ойлом катарындагы кудайтааным, адамдын өз жан дүйнөсүнө мистикалык үңүлүүсү жана диний аян; мындагы биринчи эки жол үчүнчүсү менен байланышта болуу аркылуу гана тийиштүү мааниге ээ боло алышат, бирок ар кимиси өзүнчө обочолонуп кеткенде дароо эле жалган жолго айланат» [151-6.]. Булгаков үчүн кудайтаанымдын жападан-жалгыз жолу дүйнөнү жоктон бар кылып жаратуу аркылуу абсолюттуктан относителдүүлүккө өтүүнү таануу болуп саналат. «Жаратуу дегенибиз эманация плюс чыгармачылык менен жаратыла турган жаңы бирдеме! [178-6.]. Түпнегиз абсолют менен бир катарда бытие пайда болот, абсолют бытиеде өзүн жаратуучу катарында табат, ошонун өзүндө ачылып көрүнөт, ошондо ишке ашат, өзү да бытиеге жалгашат, бул мааниде алганда дүйнө дегенибиз калыптанып жаткан Кудайдын өзү. Кудай дүйнөдө гана бар жана дүйнө үчүн гана бар, сөзсүз мааниде алганда анын Бытиеси жөнүндө айтууга болбойт. Дүйнөнү жаратып жатып, Кудай муну менен өзүн да жаралууга дуушар кылат, Ал өзүн өзү кошо жаратат» [193-6.].
Сартр, Жан-Поль Сартр эң алгачкы ирет койгон маселе төмөнкүчө: «Адамдын жашоо-турмушу эмнеге окшош?» Ал «адамдык реалдуулук» деп аталган нерсени эң жалпы терминдер аркылуу сүрөттөп жазгысы келет. Анын жообу эмгектин «Бытие жана жок нерсе» деп аталышынын өзүндө камтылып турат, анткени адамдык реалдуулук, дейт ал, жашоонун эки жолунан: бытиеден жана жок нерседен, бытиеден жана бытие эместен турат. Адам бытиеси «өзүндөгү нерсе» катарында, обьект же нерсе катарында, ошондой эле «өзү-үчүн нерсе» катарында, аңдалып-билине турган нерсе болуп эсептелбеген аң-сезим катарында жашап турат. Ал «өзүндө» жашоону кубулуштун же нерсенин жашоосун «өзү менен өзү толуп-болуп турган» нерсе катарында сүрөттөп жазат. Нерселерде ички жана тышкы сапаттар болбойт, анда өзү жөнүндө түшүнүк да болбойт, алар жөн гана жашап, бар болуп турат. Ал мындай дейт: «Жашоодо кенедей боштук, жана бир нерсе сызылып өтүп кете ала турган кенедей жылчык да болбойт». Буга карама-каршы, «өзүм-үчүн», же аң-сезим мындай толук жашоого ээ эмес, анткени ал нерсе эмес.