Top 10 similar words or synonyms for аганын

NotFoundError    0.789

Top 30 analogous words or synonyms for аганын

Article Example
Өмүрзаков, Садыбакас Садыбакас Өмүрзаков аганын илимий жана коомдук ишмердик чыйыры артынан жаңы көчтү улантып калган алатоолук коомчулук үчүн унутулгус өмүр сабагы катары эсте кала бермекчи.
Өмүрзаков, Садыбакас Оболу мен Садыбакас аганын өзү менен эмес, эмгектери менен тааныштым. 1983-1988-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада жана үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуп жүргөн чагымда, Садыбакас аганын “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” (Умурзаков С. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. – Фрунзе: Кыргызстан, 1959. – 150 с., илл.) деген китеби менин “жаздыгымдын астында” В.Бартольд, И.Крачковский, А.Бернштам, Ө.Караев, Ю.Худяков сыяктуу окумуштуулардын китептеринин катарында турду.
Өмүрзаков, Садыбакас Садыбакас аганын “Көз жеткен чектин төрт жагынан” деген китеби да жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы география, картография жана топонимия таануучу адистер менен тарыхчылардын сүйүктүү китебине айланды (Умурзаков С. С четырех сторон горизонта. – Фрунзе, 1983).
Өмүрзаков, Садыбакас Бул эмгекти иликтеген киши тим эле университетти бүтүрүп чыккандай болот. Ал эми университетти бир күндө бүтүрө албайсыз да. Ошондуктан, “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” китебин улам-улам карап чыгууга, башка айрым китептердеги айрым каталарды тактоо же түзөтүү үчүн Садыбакас аганын ушул чыгармасына улам кайра кылчаюуга туура келди.
Бедюров, Бронтой Янгович "Мен Кыргызстанга көп ирет келгем, бажам Бишкекте турат. Көптөгөн жазуучу досторум бар биякта. Бирок расмий түрдө биринчи жолу келдим. Алгачкы жолу Таласка барышым. Манас атанын, (бизде «Алп Манаш» дейт) мен көп жолу баарлашкан улуу Чыңгыз аганын туулган айылы Шекерде болуп, ыйык Манас чокусуна зыярат кылып таазим этип көзүмө жаш тегеренди.
Медетов, Сейдалы Сейдалы Медетов(1928-1958)- Белгилүү композитор, комузчу. Ал 1928-жылы 17-майда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган 1940-1942-жылдары Нарын музыкалык-драма театрында, Кыргыз улуттук филармониясында иштеген. 1944-1949-жылдары Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайынын дирижерлук классын бүтүргөн. 1949-1958-жылдары Москвадагы Чайковскийатындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция боюнча профессор В.Шебалинден билим алган. 1953-1958-жылдары "Майрамдык увертюра", фортепиано үчүн "Рапсодия", соната, скрипка менен фортепиано үчүн "Скерцо", Э.Григдин эстелигине сюита,эл аспаптар оркестрине "Пахтачы кыздын бийи" аттуу чыгармаларды, "Бактылуу Кыргызстан", "Токтогулдун арманы", "Кең Ала-Тоо" хорлорун, "Какшаалдан кат", "Чабандын ыры", "Бешик ыры", "Фестиваль ыры", "Таарыныч" деген ырларды жазган. "Алар Тянь-Шанда торолгон" жана башка көптөгөн документалдык фильмдердин музыкалары Сейдалы агайга таандык. Сейдалы Медетов кыргыз музыкасынын негизги үлгүлөрүн сактаган жана өнүктүргөн кайталангыс талант эле. Сейдалы аганын кыргыз калкына калтырып кеткен патриоттук сезимдеги обондорунун тунуктугу, ыргактарынын кайталангыстыгы, мукамдуулугу ар бир угуучунун жүрөгүнөн орун табат. Ошол түбөлүктүүлүк гана аганын өмүрүн улап жашай берет, элеси менен.
Жөргөмүш адам (тасма, 2002) Жөргөмүш адам (, ) - 2002-жылы Сэм Раими тарткан америкалык баатырдык тасма. Тасма "Marvel" комикстеринин ошол аттагы каарманына негизделген. Анда Нү-Йорк шаарында жашаган мектеп окуучусу жана кинонун баш каарманы Питер Паркердин (Тоби Магуайр) жөргөмүш сыяктуу укмуштуу күчтөрүн өркүндөтүү менен шаардагы кылмыштуулукка каршы күрөшкөндүгүн баяндайт. "Жөргөмүш адам"- тасмасында Питердин сүйүктүүсү Мери Жейн Уотсондун ролун Кирстен Данст, Уиллием Дефо- Норман Осборн/ Грин Гоблинин ролун, Розмари Харрис жана Клифф Робертсон "Мэй эже" жана "Бэн аганын" ролдорун, Жеймс Франко анын эң жакын досу Гарри Осборндун ролун аткарышкан.
Закиров Асанкул Асанкул Закиров Чүй областына караштуу Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Ташкенттеги педтехникумду бүтүргөндөн кийин 1939-1940-окуу жылынан баштап Москва районун¬дагы Беш-Көрүк жети жылдык мектебине 18 жаш курагында директорлук кызматка орношот. Ары жоопкерчиликтүү, ары олуттуу милдетти аткаруу жаш жигитке бир кыйла татаал эле. Алгачкы эмгек жолу жетекчилик кызмат менен башталып, кесиптик жактан бир топ эле такшалат. Ошол эле мезгилде педагогикалык институтту сырттан окуп, ийгиликтүү бүтүрөт. 1944-1952-жылдары Чичерин атындагы мектебинин директору, 1952-жылдан 1958-жылга чейин Петровка райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Иш билги, кесипкой жетекчинин келиши менен мектептердин окуутарбия, чарбалык иштери жакшы жолго коюлуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип турду. Дал ушул учурда партиянын көрсөтмөсү боюнча 30 миңче колхоз башкармалары топ-толуп, чарбага башчылыкка дайындалуу менен ишке киришишти. Москва райондук 30 миңчилердин катарында Асанкул Закиров да 1958-жылы партиянын буйругу менен "Кыргызстандын 25 жылдыгы" колхозуна башкармалыкка дайындалат. Ал дасыккан айыл чарба адистеринен кем калышпай колхоз ишин жандандырды. Айылды алгачкылардан болуп электрлештирди. Дыйкандардын эмгек акысы оз учурунда колго тийип, элдин турмушу жакшыра берди. 1961-жылы КПССтин көрсөтмөсү менен айыл чарбасын ирилештирүү иши башталып, бир канча айыл бир ири чарбага бириктирилет. Мына ушул жагдайга байланыштуу Асанкул Закировду кайрадан Буденный, кийинчерээк Кызыл-Дыйкан мектебине директорлук орунга которушту. Ошол күндөн баштап, 1981-жылга чейин билим берүү тармагында иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыкты. Эс алууда болсо да, кадыресе пенделердей үйдөн чыкпай байбичесинин чайын ичип, жай баракат жөн жатып калбады. Өмүрүнүн акырына чейин элдик кызматта жүрдү. "Новый путь" колхозунда аксакалдар комитетинин торагасы катары айыл элинин ынтымагы, тартип, тазалыгы сыяктуу маселелер Асанкул аганын кийлигишүүсү менен бүтүргөн. Асанкул аганын жасаган эмгеги мамлекет тарабынан өз убагында адилет бааланган.